Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Авланбек Жумабаев: «Кулагы керең төрөлгөн бөбөктөрдүн көйгөйүн бийликтегилерге жеткире албай келебиз»

Бишкекте кулагы керең төрөлгөн бөбөктөр үчүн чоң кайрымдуулук иш-чарасы өтүп жатат

Эртең менен башталган иш-чара кечке чейин уланып, ага ылайык бөбөктөр оюн аттракциондоруна барып бекер ойногонго үлгүрүштү.
Мээрим Сайдинованын үч жарым жаштагы уулу операция жасалгандан кийин угуп,сүйлөп баштаган. «Марлен, деп чакырсак карачу эмес. Сүйлөсөң көңүл бурбайт. Биз койгон ысым жакпай жатат го деп койчубуз. Баламдын кулагы керең болуп төрөлгөнүн кийин билип калдык» - дейт Мээрим. Бала көйгөйү менен көптөн бери алпурушуп келе жаткан эненин эки баласы бар. Азыр Марлендин угуп,сүйлөп калганына апасы сүйүнөт.
Эрмек Исабаевтин үч баласы бар. Кенже кызы быйыл 4 жашта. Кызы бир жарым жашка чыкканда керең болуп төрөлгөнүн билишет.
«Кулагын текшериш үчүн катуу кыйкырып сүйлөсөк да бизге көңүл бурбай,жооп берген жок. Ошондон баштап операция жасатуу аракетин көрүп баштадык» - дейт Эрмек.
Асель Майрамбекованын наристеси азыр эки жашта. Бөбөк бир жашка чыкканда керең экени билинет. Дарыгерлер наристеге 3-4- даражадагы кереңдик деген диагноз коюшат. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында кичинекей Аидага Бишкектеги медициналык академияда операция жасалды. «Кулагын текшериш үчүн катуу кыйкырып сүйлөсөк да бизге көңүл бурбай,жооп берген жок. Ошондон баштап операция жасатуу аракетин көрүп баштадык» -дейт Асель Майрамбекова.

Дарыгерлердин айтымында эне кош бойлуу кезинде сасык тумоо менен ооруса, дарыланып антибиотиктерди ичсе,төрөт маалында ымыркай травма алса жана генетикалык жактан туугандары кереңдикке чалдыккан болсо наристе керең болуп төрөлүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Бирок,күчтүү ата-энелер чоң көйгөйдү башынан кечирип жатса да кереңдиктин себебин иликтебей баласынын ооруусун жеңилдетүү, сүйлөөгө,угууга жардам кылууга аракет кылып,диагноз менен күрөшүп келишет.
Балдарынын ооруусу ата-энелердин башын бириктирди.2017-жылдын сентябрь айында «Бирге угабыз коомдук бирикмеси түзүлдү» - дейт Надира Мамырова. Бирикменин жетекчисинин айтымында 100гө жакын керең балдарга операция жасатууда ата-энелерге колдоо көрсөтүшөт.
Авланбек Жумабаевтин айтымында операция жасалган баланын кулагына кичинекей угуучу аппарат тагылып, анын жардамы менен бөбөк угуп баштайт. Андан соң баланын сүйлөө речи ойгонуп сүйлөп баштайт.
«Тилекке каршы укпаган, сүйлөбөгөн балдарды бала-бакча да, мектеп да албайт» - дейт Авланбек Жумабаев. Оорулуу баласы бар эне наристесин таштап ишке да орношо албаары жашоо чындыгы.
3 жыл мурун угуу органдары жабыркаган балдарга бекер операция жасоо боюнча Кыргызстан Түркия менен келишимге кол койгон. Ушул убакыт ичинде 46 балага операция жасалган. Операциядан сырткары баланын кулагына тагылган аппарат 10 миң доллар турат. Аны ар бир 5 жылда алмаштырып туруш керек. Бардык эле ата-энелерде чоң суммадагы акча каражаты жок. Өзгөчө мамиле менен ыкманы талап кылган атайын бала-бакча жок дешти ата-энелер. Алыскы райондордо диагноз кое турган адистер менен аппараттар жетишпейт. Анын үстүнө кулагында импланты бар бөбөктөр майып катары саналбай, мамлекеттен берилчү жеңилдиктерге ээ болбойт экен. Ушул көйгөйлөрдүн баары кайрылуу катына жазылып Өкмөт менен Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх