Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мадинадагы» кара жума топтошкон мушташууга айланып кете жаздады (видео)

Ал ортодо базардын администрациясындагылар арзандатуу күнү башаламандыксыз өткөндүгүн айтышты

Бишкектин «Мадина» базарында өзүнчө эле «кара жума» болуп өттү. Арзандатылган күн топтошуп тушташууга айланып кете жаздады, бул тууралуу видеону Instagram социалдык тармагына жүктөштү.

Тасмадан соодагерлердин кантип маталарга бой таштап жулунганын көрүүгө болот. Эс акылын жоготкон элдер бири бирин түртүшүп, башаламандык жаратууда.

«Мадина» базарынын администрациясы бул нерсени ошол күнү товарларды өтө арзан баа менен бергендерине байланыштуу экендигин Vesti.kg сайтына ырасташты.

- Баш аламандык болгон жок, баары жайында. Бир түрмөк матаны миң сомдон бердик,- деп такташты администрациядагылар.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх