Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалда митингге чыккандар боз үй тигип башташты

Чаткалда жер кенин казып жаткан Түркиялык «Эти Бакыр» компаниясына каршы чыккан Терек-Сай айыл аймагынын жашоочулары боз үй тигүүгө киришти

Буга чейин маалым болгондой Терек-Сай айылы аймагынын жашоочулары менен «Эти Бакыр» компаниясынын коопсуздук кызматынын жигиттери ортосунда мушташ болгон.Анын натыйжасында Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгы терексайлык жарандарды кармап кеткен.Кечээ 2-декабрь күнү ал балдардын ата-энелери менен райондун акими Канжарбек Эшалиев жана айыл өкмөт Болот Аширбаевтер Жалал-Абад шаарына жөнөп кетишкени маалым болду.
Митингдин катышуучуларынын айтымында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары келет деп эртең мененден баштап күтүп жатышат. Бирок ушул саатарга губернатордун орун басары Чаткалга жете электиги маалым болду.
Мушташка катышкан балдардын ата-энелери «Эти Бакыр» компаниясынын кеңсеси жайгашкан жолдун четине боз үйлөрдү куруп белгисиз мөөнөткө созулган митингге чыгуу ниеттери бар экендигин айтышты.
Vesti.kg ге келген маалыматка ылайык Чаткалдагы Терек-Сай айыл өкмөтүндө өтүп жаткан митингге Ош жана Жалал-Абад шаарларынан 6-7 автобуста 400гө жакын формачан кызамкеткерлер менен милициялар келишкен.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх