Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалдын Терек-Сайында абал курчуп жатат

Vesti.kg ге келип түшкөн маалымат боюнча Түркиялык «Эти Бакыр» кен казуучу компаниясы ишканада иштеген жергиликтүү калкка мыйзамсыз талаптарды коюда

Өз ысымын атагысы келбеген терексайдын жашоочусу «Эти Бакырда» көп жылдан бери иштээрин айтып, эки күн мурун жумушка барса жаңы фабриканын курулушуна каршы болсо жумуштан кете беришин, ал эми колдосо анда ишин улантса болоорун айтышып колуна тизмени карматканын Vesti.kg ге билдирди.


Ысымын айткысы келбеген терексайлык жаран «Эти Бакыр» компаниясынын бул кылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп береби же жокпу деген маселе менен юристке кайрылаарын билдирди.

Чаткалдагы Терек-Сай айылынын жашоочуларынын айтымында 4-декабрь күнү камакка алынган 15 баланын 13ү өлкөдөн чыгып кетпөө боюнча кол коюп,азыр үйлөрүнө чыгарылыптыр.

Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиев менен эл көзүнчө урушуп жалжаңдаша кеткен 1968-жылы туулган Жолдошбай Даминов менен «Эти Бакырды» кайтарган атайын багыттагы кызматкерлер сабаган терексайлык 32 жаштагы Нурлан Сманов азырынча Жалал-Абад шаарында камакта экени маалымдалды.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх