Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Табып Ашым Зайналиев камакка алынды

Өзүн рак оорусун айыктырган табып катары атап жүргөн Ашым Зайналиев 22-декабрь күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөсүнө чакырылып,ошол жерден камакка алынды

Бул боюнча маалыматты Ичк иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.Анын айтымында салттуу эмес медицина менен алектенген дарыгерге “алдамчылык” беренеси менен иш козголуп,айыбы угузулду.

Буга чейин Ашым Зайналиевке Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан медициналык ишмердүүлүк боюнча уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды кабыл алып дарылап жүргөндүгү үчүн кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз дарыгерлик кылуу 122-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп,тергөө башталган болчу. Айыбы угузулганы менен Ашым Зайналиевке өлкөдөн чыкпоо талабы милдеттендирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрь күнү Ашым Зайналиев тергөөгө чакырылып, ага ошол жерден “алдамчылык” беренеси боюнча экинчи кылмыш иши козголгону айтылып,камакка алынган.

Белгилүү болгондой 2016-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлиги Ашым Зайналиевти жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Анын жыйынтыгында эки жолу кылмыш иши козголуп,бирок,кандайдыр бир себептерден улам жабылып калган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында Ашым Зайналиев дарылаган үйдө учурда 19 бейтап жатат.Алар табыптын үстүнөн арыз жазуудан баш тартышкан.Ашым Зайналиев дарылагандардын арасында көз жумгандар болгондугу маалымдалат.

Акылай Рахматулла

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх