Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оорулуулар камалган табып Хашим Зайналиевдин эмканасынан чыкпайбыз деп жатышат

Жаңжалдуу «табып» президентке кайрылуу жасап, эгерде анын оорулуулары өлүп калса милиционерлер күнөөлүү болорун билдирди

Жаңжалдуу «табып-онколог» Хашим Зайналиевдин оорулуулары дагы эле имараттан чыкпай жатышат жана кете турган ойлору да жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат катчысы Мира Абдылдаева билдирди.

- Эмкана ачык, андагы оорулуулар кетүүдөн баш тартышты жана арыз жазууга ниеттенип жатышат, - деп маалымдады ал. - Ал жерде тез жардамдын бригадасы жана дарыгер-онколог күнү-түнү кезметте турат. Зайналиевге карата санкция бүгүн берилет.

табыптын өзү болсо бештин айынын жыйырма экисинде кечкурун фейсбук баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кайрылуу жасады.

«Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков! Урматтуу кыргыз калкым! Менин үнүмдү жана 20 ашуун оорулуулардын үндөрүн сизге жеткиришпеди. Бул менин акыркы жазган постум болуп калышы толук ыктымал. Октябрь РИИБдин милиционерлери келишип, мени камаганы алып кетип жатышат. Ооруканада 20 ашуун оорулуулар өлүм алдындагы акыбалда калышты. Эгерде алар бир нерсе болушса милициялар менен дарыгерлерди күнөөлөгүлө, анткени бул ишти алар токуп чыгарышты», - деп жазат ал.

Эске сала кетели, Хашим Зайналиев «Мыйзамсыз дарылоо» беренеси менен айыпталып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх