Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Рыспаев: Эгерде сага 10 сом алып келсе, сен да ага 10 сом алып барышың керек

Депутаттар маданият Министрлигинин той өткөрүү үчүн бирдей сценарий орнотобуз деген долбоорун сынга алышты

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлиги той өткөрүү үчүн ар тараптуу сценарий иштеп чыгат.

Учурда бул маселе боюнча коомдук ишмерлерден, тестораторлордон жана алып баруучулардан турган топ иштеп жатат. Алар бериле турган тамактын саны, кишилерди саны жана конверттеги акчанын санын такташат. Бирок бул долбоор мыйзамга бекитилеби же жокпу али белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаттарына бул ой жаккан жок. Депутат Кожобек Рыспаев Vesti.kg сайтына берген маегинде кабыл алынган сценарий боюнча эч ким өткөрбөйт деп билдирди.

- Ал мыйзам иштебейт, - деди ал. - Айткылачы мага, бул тойлорго ким нааразы болуп жатат? Бүгүнкү күндө элдер ансыз да каза болгон адамды көмүүдөгү кээ бир чыгымдарды ансыз да азайтышты. Ал эми тойду ар ким каалагандай өткөрөт, кааласа өткөрбөйт. Ал каржылык дараметине жараша болот. Маданият Министрлиги башка иши жок калгансып, болбогон нерсе менен алектенип атат.

Эл өкүлү тойго конвертке салып канча акча алып баруу тууралуу да оюн бөлүштү.

- Эгерде сага 10 сом алып келсе, сен да ага 10 сом алып барасың. Азыр элдерде ушундай гана карым катнаш, - деп комментарий берди Рыспаев.

Депутат Мирлан Жээнчороев өз кезегинде кыргызстандыктардын ашыкча ысырапкорчулугун бир гана салык инспекциясы жөнгө сала алат деп эсептейт.

- Менин оюмча, өкмөт жана маданият Министрлиги мамлекеттик акчаны керектүү жакка жумшоо тууралуу маанилүү иштер менен алектениши керек, - деп баса белгилейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ысырапкорчулук, акталбаган чыгымдар, тымызын миллионерлер менен күрөшүү башка өлкөлөрдө бир аз башкача болот. Кирешеге жана кымбат баалуу буюмдарга салык бар, андан башка да экономикалык мүнөздөгү ыкмалар толтура.

Эгерде бир киши дүңгүрөгөн той берсе, анда анын кирешесин текшерүү керек. Андан сырткары көпчүлүк наалат айтуусу деген болот. Бүгүнкү күндө элдер мындай нерсени түшүнүп, талкуу кылып жатышат. Менимче, өкмөт биринчи кезекте муниципалдык мекемелерге норма киргизиши керек. Башкача айтканда, чиновник дүңгүрөгөн той кылса, салык кызматы аны текшерсин.

Депутат ошону менен бирге эле мамлекеттик иш чараларды өткөрүүгө бирдиктүү сценарийдин керектигин айтты.

- Эгерде регламент мамлекеттик жана муниципалдык иш чараларга таркалса, анда бул нерсе зарыл, анткени мамлекеттин акчасы ашыкча сарпталбашы керек, - деп сөзүн аяктады Жээнчороев.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх