Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ИИМБ экс-начальниги: Айып пулдарды эки эсеге азайтуу керек

Эксперттер жол эрежесин бузгандарды жазалоонун катаалданышы жол кырсыгынын азайышына алып келишинен күмөн санашат

Кыргызстанда айып пулду көбөйтө салып эле жол кырсыгынан арылабыз деген аңкоолук. Мындай деген ойду Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт, УКМКнын башкармасынын мурдагы начальниги Максат Мамытканов бөлүштү.

- Жол эрежесин бузбагандарды айып пулдун суммасы кызыктырбайт, - деп белгиледи Мамытканов. - Жаңы мыйзам жол эрежесин сактабагандарды кабатыр кылып жатат. Айып пулдун жогорулашы жолдогу жолдогу болуп жаткан кырсыкка салыштырмалуу жумшак болуп жатат, адамдар согушта кырылгандан беш бетер өлүп жатат. Элдерде эмне болуп жатат, биз согуш талаасындагыга караганда көп адамдарды жоготуп жатабыз деген суроо пайда болуп жатат. Жаза колдонуу чараларын катаалдантуу зарыл. Согуштук эмес учурда жарандарга мындан башкача чара колдонууга мүкүн эмес. Ошону менен бирге эле айып пулду жогорулатып жол кырсыгынын азайышын күтүү аңкоолук. Канткен күндө да мыйзамды сыйлабаган кээ бир адамдарды мындай чаралар бир аз эсине келтирет деген үмүттөбүз.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек ИИМБ мурдагы начальниги Туратбек Мадылбеков болсо бир аз башкачараак ойлойт.

- Мен мурунку укук коргоо кызматкери катары айып пулдарда зарыл деп эсептейм, бирок алардын өлчөмү таптакыр эле чоң болуп кетти, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Аларды эки эсеге төмөндөтүш керек. Андан сырткары, мыйзам менен бирге анын аткарылышына шарт түзүү керек. Мисалы, туура эмес токтотулган машинага 1000 сом айып пул, ал эми токтотуучу жай жок. Жок дегенде айып пулду акырындык менен көтөрүү керек эле. Адегенде 200-300 сом кошсо, кийин көбүрөөк кошмок.

Айдар Алиев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх