Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйгө түкүргөн адам кармалды. Комиссия аны кантип жазалашты чечет

Милиция мыйзам бузуучуну Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына жеткирди

Ак үйгө түкүргөн жаранды Бишкектин Биринчи май райадминистрациясына жеткиришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын мааламаты боюнча, мыйзам бузган кишиге карата жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы чара колдонот.

- 1992-жылы туулган З.Р. аттуу жаран жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына чечим кабыл алуу үчүн жеткирилди. Ал Кыргыз Республикасынын Коденксинин 71 беренесинин 1 бөлүмү «тиричилик таштандыларын, нерселерин көрсөтүлбөгөн жерде өрттөө жана түкүрүү» менен айыпталат, - деп түшүндүрдү милициядан.
Ал ортодо Биринчи май райондук администрациясындагылар Vesti.kg сайтына Рамис З. жазага тартууну комиссия чечет деп маалымдады.

Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков учурда түкүрүк менен атагы чыккан киши райадминистрация жеткирилди деп ырастады.

- Азыр ишти аппарат жетекчиге өткөрүп берет жана ал бул учурду комиссияда карап көрүп чечим чыгарат, - деп билдирди Аскарбеков Vesti.kg сайтына. - Жыйындын жыйынтыгында кандай чечим чыккандыгы белгилүү болот.

Эске салсак, тармактарда Ак үйдүн кашаасына жаба түкүргөн адамдын видеосу таркап кеткен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх