Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял кокусунан өзүнүн үйүнө МКК тарабынан бейтааныш чет элдиктин катталгандыгын билип калган (видео)

Мамкаттоодогулар кызматтык иликтөө жүргүзөбүз дешти

МКК кызматкерлери үй ээсинин макулдугусуз Украинанын жаранын каттап коюшкан. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Адиля Алиева билдирди.

Алар өз үйүнө чет элдик аялдын катталгандыгын кокусунан гана билип калышкан.

«Анткени менин апама Көк-Жар айыл өкмөтүнө справка алып баруу керек болуп калды. Апам ал жакка барып эле айран таң калып келди. Бүгүн паспорт бөлүмүндөгүлөр биздин үйгө таптакыр башка адамды каттап коюшкандыгы белгилүү болду! Кайдагы бир Украинанын жараны болгон кызды каттап коюшуптур. Эмне максат менен антишкендерин албетте аныктайбыз, бирок факт кала берет да. Мен бирөөнү ушактагым келбейт, бирок кудай сактасын, ал аял кандайдыр бир аферист, же кылмыш кылып изин жашырып жүргөн неме болсочу?», - деп жазат Алиева.

Ал аял айыл өкмөтүндө иштеген аялды видеого тартып алууга үлгүргөн. Ал чынында эле айтылган даректе Украинанын жараны катталгандыгын тастыктаган.

Ал видеотасмада ал өзүн Турмушева деп тааныштырат.

«Өйдө жактан форма 1 арызы түрүндөгү кагаз келди, мен паспорт столуна барыңыз деп жазып бердим», - деп жооп берди ал.

Vesti.kg сайты түшүндүрмө алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылды. Мекеменин маалымат катчысы Эльзат Кыдырмышева бул факт боюнча кызматтык иликтөө болот деп билдирди.

- Биз азыр бул окуяны иликтеп жатабыз, - деп маалымдады МКК өкүлү. - Чыгарылыштын автору менен байланышып, андан кеңири маалыматтарды күтүп жатабыз. Алардын жашаган жеринин так дарегин билүү зарыл. Анткени кызматтык иликтөө жүргүзүүгө бул керек. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн кызматкер аялынын түшүндүрмөсү да ачык эмес. Ал эмне болгон кагаз тууралуу айтып жаткандыгы түшүнүксүз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх