Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийлик жаңы мыйзамдары менен алектенгиче, айдоочулар машиналарын күңүрттөп алып, жазасын албай жүрүшөт (видео)

Бишкек ИИМБ ЖКККМБ азыр эреже бузуучуларды жазалай албастыгын эскертишти

Фейсбуктун белгилүү бир тобунда видео пайда болду, анда «Лексус» маркасындагы автоунаа мыйзамсыз түрдө айнектери күңүрттөлгөн.

«Күндүн нурунан корккон вампирлер тажатышты, - деп жазат чыгарылыштын автору. - Ал салынган айыппулдардан пайда барбы! Камера кайда аууу??? Кайгуул милициясы кайда? Жөө адамдар өтүүчү жайда жана бурулуштарда турушат пайдасыздар».

(орфография жана пунктуация бузулбай берилди)

Ал ортодо Бишкек ИИМБ ЖКККМБ Vesti.kg сайтына жаңы чыккан Кодекс боюнча мекеме автоунаалардын күңүрттөлүшүн текшерүүгө укугу жок экендигин айтышты.
- Бул милдетти транспорт Министрлигине алып берип коюшкан, биз жазалай албайбыз, - деп такташты ЖКККМБ.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты транспорт жана жол Министрлигиндегилер автоунаалардын айнектеринин мыйзамсыз күңүрттөлүшүн текшерүүгө рейдге чыга албастыгын билдиришкендигин жазган болчу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына транспорт көзөмөлдөө башкармасынын автомобилдик, суу транспорттук жана көлөмсалмактык көзөмөлдөө Агенттигинин начальниги Нурбек Шабданалиев билдирди.

- Жол жана транспорт Министрлиги өзүнө тийешеси жок милдетти аткарбайт, - деп түшүндүрдү ал. - Анткени жаңы Кодекске ылайык бир катар эреже бузууларды анын ичинде күңүрттөөнү бизге берип коюшуптур. Бирок бештин айында министрлер кабинети эреже бузуу Кодексине түзөтүү киргизүү токтомун чыгарган. Бул мыйзамдолбоор КР ИИМ тарабынан демилгеленген, парламентте биринчи окууда өттү. Ал боюнча бардык бизге өткөн ыйгарым укуктар кайра милиционерлерге өткөрүлүп берилген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх