Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял күйөөсү менен урушуп кетип, Москванын метросунда бир жума жашаган

Үй бүлөнү жараштырууга Москвадагы мекендештердин аялдар кеңеши жардам берди

Кыргызстандык аял эки баласы менен күйөсүнөн качып, бир жума бою Москванын метросунда жашага. Аны үйүнө кайтарууга Москвадагы мекендештердин аялдар кеңеши жардам беришкен деп Vesti.kg сайтына Нарындагы аялдар кеңешинин кызматкери Динара Усупова айтып берди.

Үй бүлө жетишпеген турмушта жашачу, күйөөсү болсо иччү. 2018-жылы күзүндө ал аял колундагы баласы жана 5 жашар кичинекей менен үйдөн чыгып кеткен.
Кыргызстандык аялдын Москвада туугандары жана жакындары болбогондуктан ага метродо жашоого туура келди. Ким билет, эгерде аялдар кеңешинин мүчөсү аны көчөдөн көрүп калбаганда ал дагы канча убакыт ал жерде жашайт эле. Алар аны үйүнө алып келип, күйөөсүнө акыл насаат айтышты. Колдорунан келген жардамдарды уюштурушту.

- Мени таң калтырганы - аялы бир жума жоголуп кетсе, күйөөсүнүн эч камырабай отурганы болду деп ачууланат Усупова. - Анын бараар жери жок экенин билет го? Кантип уялбайт?

Акча жана жалаяктарды алгандан кийин ачууланган аял бир аз өзүнө келди. Аялдар кеңешинин маалыматы боюнча, ал кыргызстандык аял азыр арызданбай жашап жатат.

Кыргызстандын аялдар кеңеши Москвадагы филиалы менен тыгыз байланышта болуп турат. Ал жактагы филиалды Урмат Байматова башкарат.

Азыр демилгечи аялдар азыр башка бир мекендеш аялыбыздын кыйын абалга кептелгенине жардам бергени чогулуп жатышат. Эки баласы менен жесир калган кыргызстандык аял Москвага иштегени кеткен. Бирок жергиликтүү мектепке ал кичүүсүн гана жаздырган.

- Чоң кызы жазында 16 жашка толот, апасы болсо аны окутпай иштетем деп чечкен, - дейт Усупова. - Бирок бул туура эмес, кыз мектепти бүтүшү керек. Муну да аялдар кеңеши өз колуна алат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх