Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ойногонуңар үчүн рахмат!»: Кыргызстандыктар калыска наалат айтып жана оюнчуларын колдоп жатышат (видео)

Улуттук курама команда Азия Кубогун таштап кетти, анткени менен мелдештин ээлеринин келмесин оозунан түшүрдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунун чейрек финалына аз жерден чыкпай калды. Биздин спортчуларыбыз мелдештин ээлерине орун бошотуп мелдештен чыгып кетишти. БАЭ командасына 3:2 эсебинде утулуп беришти.

Мелдеш кечээ Абу-Даби шаарындагы стадионунда болду.

Каршылаштардын дарбазасына биринчи голду Мирлан Мурзаев топту Ахлидин Исраиловдон өткөрүп алып сокту.

Оюндун 90-мүнөтүндө Турсунали Рустамов алмашууга чыгып, экинчи голду киргизди. Эки голду тең биздин оюнчулар эсепти теңдөө менен киргизишти.

Улуттук курама команданын Азия Кубогунан кеткендигине карабастан күйөрмандар оюнчуларды алкашты, Кыргызстан тарыхка жазылып калды.

Көптөгөн кыргыз жарандарын оюндун 84-мүнөтүндөгү БАЭ оюнчусунун колу менен ойногонун калыстын көрмөксөн болуп койгондугу, өтө нааразы кылды. Кытай калысы Фу Мингдин дарегине карата Кирнетте толгон токой сын пикир жана акаарат айтылды. Бирок, кошумча мүнөттүн убагында калыс тарабынан берилген шектүү пенальти жарандардын кыжырын кайнатты. Кудум ушул гол араптар тепкен гол кыргыз жарандарынын чейрек финалга чыгабыз деген үмүтүнө суу септи.

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков өз кезегинде ата мекендик башка жылдыздар менен бирге видеокайрылуу жасап футболчуларыбызга ыраазычылык билгизди. Артисттер да калыстардын адилетсиздигин айтты.

 

Мелдештин жүрүшүнө Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү көз салып турду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьерлер жумуш бөлмөлөрүнө чогулушуп биздин балдарды колдоп турушту.

(фото)

Кыргыз Республикасынын куруама командасынын оюнчулары бештин айынын жыйырма төртүндө Дубай - Бишкек сапары менен мекенибизге кайтып келишет.

Кыргызстандын футбол Федерациясы мекендештерибизди футболчуларыбызды тосуп алууга чакырышат. Чогулуу эртең менен саат 4:00 дө Д. Өмүрзаков атындагы стадиондун жанында болот.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх