Астанадагы кыргыз профессор: Туулган күнүмдү айылда илимий конференция өткөрүү менен белгиледик (фото)
Профессор 6 жылдан бери Астанадагы Назарбаев университетинде эмгектенет
Кыргызстандык профессор Дүйшөн Шаматов буга чейинки маегибизде ийгилик сырлары тууралуу кеп салган эле. Ал жакында 50 жылдык юбилейин белгиледи. Жок, ресторанда банкет эмес, өзү окуган айылдагы мектепте илимий иш-чара уюштурду. Шаматов Vesti.kg сайтына каражатын туулган күнүнө эмес, айыл мектептериндеги мугалимдер менен окуучулардын билимине инвестициялаганын айтып берди.
-Социалдык тармактардан юбилейиңизди жылкы союп, чоң ресторанда эмес, өзүңүз окуган Карасуу районуна караштуу Отуз Адыр айылындагы мектепте илимий-практикалык конференция уюштуруу менен белгилегениңиз тууралуу окуп калдым. Буга эмне себеп болду?
Жыл сайын кышкы каникулда Кыргызстанга барабыз. Быйылкы эс алуу туулган күнүмө туш келип калды. 50 жашка чыктым. Туулган күндү кантип белгилесем, үйдө эле отурсакпы же достор менен Бишкектин бир тойканасында чогулсакпы деген ойлор кетти. Андай кылсак деле жарашмак. Бирок ойлонуп көрсөм көп жылдан бери билим берүү тармагында иштейм, илимий изилдөөлөрүмдүн темалары мугалимдердин аброюн көтөрүү, аларга усулдук жактан жардам берүү экен. Үй-бүлөм менен кеңешип отуруп туулган күнгө кетчү акчаны мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүүгө инвестициялоону чечтик. Айылдагы мугалим жана окуучуларга аз да болсо пайдасы тийсин дедик. Туулган күнүмдө өзүм он жыл окуган мектепте илимий-практикалык конференция өткөрдүк.
-Иш-чаранын жол-жобосу кандай болду?
Бир күндүк иш-чара болду. Бирок ага эки ай даярдандык. Мектептин спорт залы чакан болгондуктан иш-чарага катыщуучулардын санын чектедик жана жалпысынан 300-350 кишиге ылайыкташтырдык. Ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышты. Конференцияны туулган күнүмдөн бир күн мурун өткөрдүк. Анкени элдин көңүлү менде болушун каалабадым. Конференция жаңы жылдык эс алуу күндөрүнө туш келип жана темасы кызыктуу болгондуктанбы, айтор катышуучулардын саны 400гө чукулдады.
-Кандай темада өттү?
Конференциянын темасы «Мектеп, ата-эне жана коомчулуктун кызматташуусу аркылуу окуучулардын билимин өркүндөтүү» деп аталды.
-Баланын мыкты билим алуусуна ата-эненин канчалык таасири бар?
Көпчүлүк ата-энелер акыркы мезгилдерде миграция, көр оокаттын айынан балдарынын билим алуусуна, мектеп иштерине көп аралашпай калгандай. Алар баласынын мектептеги тартиби же төлөм маселелери менен чектелүүдө. Конференцияда ата-эненин баласынын билим алуу процессине катышуусун кайрадан жандандырууну максат кылдык. Алар баланын билим алуусуна түздөн-түз таасир этиши керек деген маселени көтөрүп чыктык.
-Конференция кандай секцияларга бөлүндү?
Иш-чара үч пленардык докладдан турду. Кыргызстандагы белгилүү мугалимдер аймактарда билим берүү усулдары, мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, айыл жерлеринде мыкты билим берүү тууралуу тажрыйбалары менен бөлүштү. Интерактивдүү мастер класстарды өтүлдү. Ал эми Казакстандан келген тажрыйбалуу педагогдор окуучуларды чет өлкөдөгү мыкты жогорку окуу жайларга тапшырууга шыктандыруучу лекцияларды окуду. Окуучуларга Кыргызстандын университеттери жана жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу тууралуу маалымат берилди.
-Юбилей дегенде эле жилик, той эске келет. Той өткөрбөдү, жилик тартпады дегендер болбодубу?
Мал союлат деп күткөндөр болгондур. Бирок биз башынан эле ресторанда өткөрүлбөйт, мал союлбайт деп чечкенбиз. Канча мал союлганы эмес конференциянын темасы талкууланса дедик. Ошентсе да үй-бүлөмдүн атынан конфренциянын катышуучуларын Ош шаарынан ашпозчуларды алып келип, Өзгөндүн күрүчүнөн палоо жасатып түшкү тамак менен сыйладык. Анткени мугалимдер, ата-энелер, окуучулар жана башка жактан келген коноктор конференцияда эртеден кечке чейин олтурушту.
-Сыр болбосо иш-чарага канча чыгым кетти?
Так эсебин билбейм. Келинчегим билет. Биз муну чыгым эмес, мугалим жана окуучулардын билимине инвестиция катары кабыл алдык. Түшкү тамак, конференция алкагында окуучулар арасында жарыялаган
«Мен мугалим болгум келет» деген темада эссе конкурсуна белектерге акча сарптадык. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө ноутбук, телефон, китеп жана башка кызыктыруучу белектерди алдык. Ага туугандар, досторум дагы салымдарын кошту.
-Туугандар деп калдыңыз. Алар туулган күндү белгилөөнүн мындай жолун кандай кабыл алышты?
Жакындарым түшүнүү менен кабыл алышты. Алар ата-энелер менен катар конференцияга катышты. Конференциянын эртеси туугандар менен түшкү тамакта туулган күндү белгиледик.
-Көп каражат жумшап чоң той бергендерге көз карашыңыз кандай?
Тойго эмес, ашыкча ысырапкорчулук кылууга каршымын. Конференция менен коомго пайдалуу иш-чара өткөрүү элге, өзгөчө жаштарга мисал болсо экен дедик. Адамдар чоң ресторанда мыкты алып баруучуларды чакырып той өткөрүү бактылуулуктун же ийгиликтин жалгыз эле көрсөткүчү деп ойлобосо. Коомубузда тойго кетчү каражатты бей-бечараларга жардам берген жаштар чыгып жатканы кубандырат. Албетте кыргызга той дагы керек. Бирок той өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор бар. Аларга ким жардам берет? Ошондуктан жардамга муктаж адамдарга жардам берүү жөрөлгөлөрү көп болсо дейм. Эл эмне дейт деп башкалардын пикири менен жашабастан, өзүбүз ойлонуп иш кылсак жакшы болот.