Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште футболчуларга жаңы заманбап стадион куруп берүү сунушталды

Депутат Алмазбек Баатырбеков мекенибиздин спортчуларын колдоо зарыл экендигин билдирди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогу-2019 жакшы оюн көрсөттү, бирок өнүгүү жана кесиптик жактан өсүү үчүн спортчуларыбызга жаңы заманбап талаа куруп беришибиз керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков айтты.

- Биздин башкы машыктыруучубуз жаңы футбол талаасы керек экендигин айтты, - деп баса белгиледи эл өкүлү. - Мурунку спортчу, ишкер Ырысбек Мааткабылов тарабынан белгилүү бир акча каражаты бөлүндү. Өкмөт да өз салымын кошушу керек. Мэрия аркылуу жер бөлүп бергиле, караштыргыла бул маселени. Колдой албасак, булардан жеңишти жана жакшы жыйынтыкты талап кыла албайбыз.

Эске салсак, курама команда Азия Кубогу өтүп жаткан БАЭ бүгүн эртең менен кайтып келди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх