Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмоктук киши эмнеге атчан дүкөнгө кирип баргандыгын түшүндүрдү

Ал азыр кылган ишине бармагын тиштеп өкүнөт. Тартип бузган кишиге карата протокол түзүлдү

Милиция атчан дүкөнгө кирип кеткен кишинин өздүгүн аныктады.

Чүй облусунун ИИМБ маалыматы боюнча, окуя Токмоктун чет жакасында болгон. Тартипсиздик кылган киши токмоктук 39 жашар О.Н. болгон. Ал ошол учурда катуу мас болгондугун жана азыр кылган ишине аябай өкүнүп жаткандыгын билдирген.

Бул факт Чүй райондук ИИБ маалыматтардын эсебин алуучу электрондук журналына катталды.

Ал кишиге карата эреже бузуулар Кодексинин 81 беренесине ылайык (Коомдук жайда спирт ичимдигин ичүү, коомдук жайда мас абалында болуу, коомду жана адамдарды тоготпоо) протокол түзүлдү.

Милиция кызматкерлери ал киши менен алдын алуучу маектерди кылышып, экинчи мындай кылбаңыз дешти.

Чүй облусунун ИИМБ маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх