Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маичилер Бишкектен номерине ылай шыбаган бир да айдоочуну таба алышкан жок

ИИМ ЖКККМБ соцтармакта пайда болгон сүрөт эксперимент үчүн тартылган деп божомолдошту

Маичилер автоунаасынын номерине ылай шыбаган жарандарды таба алышкан жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМ ЖКККМБ маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, андай эреже бузуучуларджы издөө иши ошого карабастан улантылууда.

- Кыдырганда, номерине ылай шыбап, жашырып алган жарандар табылган жок, - деп түшүндүрдү Токтосунов. - Чамасы, ал жалган эле маалымат окшойт. Кимдир бирөө атайын эле текшерип көрүү максатында социалдык тармакка жайылткан окшойт.

Эске салсак, өткөн жумада социалдык тармактарда бир нече номерине ылай чаптаган автоунаалардын сүрөттөрупайда болгон эле.

Кыргызстандыктар жарандар ушундай жол менен жол эрежесин бузганы үчүн салынчу айып пулдан качат деп ойлошкон.

Vesti.kg сайты мурда мындай эреже бузуу үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынаарын жазган болчу, ал эми мындай эреже бузуу юридикалык жактар үчүн 5000 сом.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх