Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматов менен Аскарбек Шадиев куда болуп калыштыбы? (сүрөт)

Шерменде болгон атка минерлердин балдары 2018-жылы бештин айында никеге турушту деп билдирилет

Бишкетин камактагы экс-мэри Кубанычбек Кулматов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдер куда болуп калышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына алардын чөйрөсүндөгү булактар айтып берди.
Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы Наталья Кулматовадан төролгөн уулу Каныбек Шадиевдин кызы Саадатка үйлөндү деп билдиришет.

- Каныбек Кулматов менен Саадат Шадиева 2018-жылдын акырында никелешкен. Аталарынын айынан үйлөнүү тою болбой калды. Элдин көңүлүн өзүбүзгө бурбайлы деп чечишиптир, - деп түшүндүрүшөт булактар.

Жаңы үйлөнгөндөргө өкүл ата болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков шайланган. Vesti.kg сайтынын редакциясына алардын үй бүлөсүнүн чогуу түшкөн сүрөтүн да алып келишти.

 

 

Vesti.kg сайты комментарий үчүн Наталья Кулматовага кайрылганда, ал маалыматты четке какты. 

- Туура эмес маалымат, андай болгон жок, - деди Кулматова.

Равшан Жээнбеков болсо комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх