Сүйүнчү: Таластык Нурайым айым 4 эм төрөдү
Наристелердин үчөө кыз, бирөө уул
Талас районунун 15 жылдык айылынын 27жаштагы тургуну Рысмат кызы Нурайым айым бүгүн 25-февраль күнү таңкы саат 6:00до Бишкектеги ооруканалардын биринде 4 эмди жарык дүйнөгө алып келди.
Бул тууралуу vesti kg сайтынын кабарчысына кыздын жеңеси Гульнура Ишенбекова билдирди.
Кайын синдим менен күйөө баламдын баш кошкондоруна 4 жыл болуп калды. 4 эм булардын алгачкы наристелери. Наристелердин үчөө кыз, бирөө эркек бала.
Ымыркайлардын биринчиси 1кг 470гр. салмакта кыз.
Экинчиси 1кг 400 г кыз.
Үчүнчүсү 1кг 705 г салмакта эркек
Төртүнчүсү 1кг 420г кыз.
Биздин кубанычыбыз да чек жок. Буга чейин күйөө балам менен кайын сиңдим4 жылдан бери балалуу болбой келишкен дейт.
Гладис Темирчиева
Эльхан Кадырбеков