Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тергөө судьясы – сотко чейинки өндүрүштө адам укугун сактоонун кепилдиги (назар салуу)

Кыргызстанда адамдын укуктары менен эркиндигин сот өндүрүшүнө чейин көзөмөлдөй турган атайын судьянын кызматы пайда болду

 Судьянын мындай жаңы институту “тергөө судьясы” деп аталат. Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча ООП башкармалыгы өз анализинде мындай жаңылыкты Кыргыз Республикасынын сот реформасындагы абдан прогрессивдүү кадам деп атаган.
Укук маселелери боюнча эксперт Кынатбек Cманалиев, 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кирген Жазык-Процессуалдык кодексинин негизги новеллалары тууралуу айтып берди.

Тергөө судьясы сот адилеттигин ишке ашырбашы керек

2019-жылы ишке кирген жаңы Жазык-Процессуалдык кодекси (ЖПК) түп тамырынан жана концептуалдуу өзгөртүлгөн. Анда мыйзам үстөмдүгүнүн принциби киргизилген: эң бийик баалуулук адам, анын укуктары жана эркиндиги.
Жаңы ЖПКда кылмыш ишин козгоо стадиясы жок.

Мисалы, 1999-жылдагы эски үлгүдөгү ЖПКда адамды кармап, андан кийин ага карата тергөө амалдарын башташкан: аны, анын кошуналарын суракка алуу, мүнөздөмө алуу жана башка аракеттер. Ошондон кийин гана кылмыш иши козголуп же кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, бирок жогорудагыдай тергөө амалдарынын иш-чаралары кайрадан башталчу. Башкача айтканда, тергөө иштери тергөө үчүн жүргүзүлүп келген. Бул жерде коррупциялык тобокелчиликтер көп болуп, адамдын укуктары бузулуп келген.

1999-жылдагы ЖПКда “сот көзөмөлү” деген түшүнүк жок болгон. 2003- жана 2007-жылдары Конституцияга кирген өзгөрүүлөр сот көзөмөлү институтун киргизүүгө кызмат кылып берди. Жаңы ЖПК 2010-жылдагы Конституцияга шайкеш келтирилген.
Жаңы ЖПК боюнча, сот көзөмөлү – бул сот бийлигинин өз алдынча функциясы, анын өзөгүндө кылмыш процессине аралашкан адамдардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин чектеген органдардын, кызмат адамдарынын аракеттери менен чечимдеринин мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүн кароо маселелери жатат.
Сот өндүрүшүнө чейинки иштин жүрүшүндө мыйзамдуулук боюнча тиешелүү көзөмөл жана жарандын укуктары менен эркиндигин чектөө боюнча функцияларды жаңы процессуалдык фигура – тергөө судьясы ишке ашырат.

Анын кылмыш ишти мааниси боюнча кароого жана чечүүгө эч кандай тиешеси болбойт, башкача айтканда айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги боюнча чечим кабыл албайт.

КР ЖПКсы боюнча тергөө судьясы – шектүүнүн, айыпталуучунун укуктары менен эркиндигин чектөөчү чараларды көрө турган, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун процессуалдык иш-аракеттеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна сот көзөмөлүн жүргүзөт.

«Сот адилеттигин ишке ашыруучу судьяга сот көзөмөлүнүн функцияларын берип салууга болбойт. Мисалы, судья шектүүгө, айыпталуучуга карата “камакка алуу” боюнча баш коргоо чарасын колдонот. Андан кийин кылмыш ишин мааниси боюнча кароо да ушул эле судьяга келип түшөт – ошондо ал судьяда айыпталуучуга карата анын айыбы боюнча мурдатан эле жаңылыш ой пайда болгон болот,” – деди Сманалиев.
Тергөө судьясын киргизүү маселеси бир катар чет өлкөлөрдүн, асыресе Италиянын, Франциянын, Германиянын, Казакстандын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп үйрөнгөндөн кийин пайда болду.

Германияда мындай судья алдын-ала тергөө судьясы деп аталса, Францияда алдын-ала камоо жана укуктар боюнча судья делсе, Италияда алдын-ала иликтөө боюнча судья деп аталат.

Кыргызстанда азыр 44 райондук сот жана аларга теңештирилген 12 сот бар. Эми алардын ар биринде тергөө судьялары пайда болду, ал эми башка судьялар мурдагыдай эле кылмыш иштерин мааниси боюнча карап, чечим чыгара беришет.

Тергөө судьясынын функциялары

КР ЖПКсынын 31-беренесинде тергөө судьясы аткара турган ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн.
Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:
-кылмышты жана (же) жорукту жасоого шектелген адамдын кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча;
-баш коргоо чарасынын колдонулушу боюнча (камакка алуу, үй камагы, күрөө);
-баш коргоо чараларынын мөөнөттөрүн узартуу боюнча;
-камакка алынбаган шектүүнү, айыпталуучуну тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу боюнча;
-мүлктү камакка алуу же камактан чыгаруу боюнча, физикалык жана юридикалык жактардын эсептериндеги акча каражаттарын, банкка сактоого берилген жана башка кредиттик уюмдардагы салымдарын, баалуу кагаздарын жана алардын сертификаттарын камакка алуу же камактан чыгаруу боюнча;
-айыпталуучуну кызматтан убактылуу четтетүү боюнча;
-өлгөн адамдын жубайынын, жакын туугандарынын макулдугу болбосо да эксгумация өткөрүү боюнча;
-жашап жаткандардын менчигиндеги же башка укуктагы турак-жайын, башка обьектилерди алардын макулдугу болбосо да кароодон өткөрүү боюнча;
- алуу жана (же) тинтүү жүргүзүү боюнча;
- жеке тинтүү жүргүзүү боюнча;
- атайын тергөө аракеттерин өткөрүү боюнча;
- адамдардын көрсөтмөлөрүн депонирлөө боюнча.

Атайын тергөө аракеттери жана далилдерди депонирлөө

КР жаңы ЖПКсында жаңы институт – атайын тергөө аракеттери киргизилген. Алар мурда “Оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү жөнүндөгү” мыйзамда да камтылган.
Эми КР ЖПКсында жаңы бөлүм “Атайын тергөө аракеттери” киргизилген. Алар КР ЖПКсынын 23-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган өзгөчө оор, оор жана бир катар оор эмес кылмыштарды ачууга багытталып, айтылбаган тергөө аракеттеринин мүнөзүндө болушат.

Буларга почта-телеграф боюнча жөнөтүүлөрдү камакка алуу, аларды кароо жана (же) алуу; сүйлөшүүлөрдү угуу; абоненттердин, абоненттик түзүлүштөрдүн кошулганы тууралуу маалыматты алуу; компьютерден, серверлерден жана башка түзүлүштөрдөн маалыматтарды алуу; адамды же болбосо жерди аудио-видеокөзөмөлгө алуу; кылмыш чөйрөсүнө атайын киргизүү жана башкалар кирет.
Атайын тергөө аракеттерин өткөрүү чечимин тергөө судьясы кабыл алат.
Мындан тышкары, жаңы институт – “далилдерди” депонирлөө киргизилди. Башка сөз менен айтканда далилдерди бекемдөө.

Белгилүү болгондой, мурда процесстер узак болуп алар жылдарга созулчу, ал эми адам болсо ушунча убакыт бою СИЗОдо отурчу.
«Соттолуучунун тагдырын тез: айыптоочу же актоочу өкүм чыгаруу менен чечүү керек. Ошон үчүн эми тергөө судьясы “далилдерди” депонирлеп, башкача айтканда жабырлануучу менен күбөнүн көрсөтмөлөрүн бекемдейт. Анткени так ушул субьектилер көп учурда сот жыйындарына келишпейт, бул болсо процесстердин создугуп кетишине алып келген. Жаңы ченемдер боюнча жабырлануучу жана күбө көрсөтмө беришет, тергөө судьясы аларды бекемдейт, анан ушул көрсөтмөлөр далил катары сот алдына барат. Тиешелүү кылмыш ишин карап жаткан судья бул көрсөмөлөрдү башка далилдер менен бирге баалап, өкүм чыгарат. Биз ошентип адамдын тагдырын чечип, анын укуктарын жана эркиндигин коргойбуз,” – деди Сманалиев.

Укук маселелери боюнча эксперт Сманалиев КР жаңы ЖПКсынын ишке кириши, адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо маселелерин чечип, ошондой эле тең укуктуулук принциптеринин жана кылмыш өндүрүшүнүн бардык баскычтарында тараптардын атаандаштыгынын өнүгүшүнө салымын кошооруна үмүтү чоң экендигин билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх