Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура мурдагы атка минердин үйүнүн курулушун мыйзамсыз деп тапты (сүрөт)

Бишкектин тургуну муну бир нече жылдан бери далилдегенге аракет кылып келет

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы «Совмин» (Ала - Арча 3) турак жай шаарчасындагы мыйзамсыз үй куруу фактысы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ал жердин тургуну Марат Акматалиев Vesti.kg сайтына билдирди.

- Прокуратура менин ыйгарым укуктуу органдардын аракетсиздиги тууралуу арызым боюнча текшерүү жургүздү, - деп белгиледи ал. - Жыйынтыгында менин айткандарым тастыкталды. Көзөмөлдөөчү орган Чүй облусу боюнча өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аялы Динара Доконовага үй курууга уруксатты ал өзү мурда куруп алгандан кийин гана берилгендиги аныкталды.
Акматалиев текшерүүнүн жыйынтыгында чыккан бардык материалдар кылмыш жоруктардын Бирдиктүү реестрине киргизилип, андан ары сотко чейинки өндурүш улантылаарын белгиледи.

- Жалган куранда бул иш боюнча кыдырып чыкма сот отуруму болот, -деди ал.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Бишкектин тургуну Марат Акматалиевдин бир канча жылдан бери бардык документтери бар экендигине карабастан өз жер үлүшүнүн бир бөлүгүн кайрып ала албай жүргөндүгүн жазып чыккан эле.

Анын айтымында, ал жер үлүшүн 2012-жылы сатып алган, муну анын документтери тастыктап турат. Акматалиев юридикалык маселелер менен алек болуп бүткүчө Чуй облусу боюнча өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкулу Бактыбек Кудайбергеновдун аялы Динара Доконова анын жеринин жарымын басып алып жана эри экөөлөп эки кабат үй куруп салышкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх