Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» биринчи этабынын экинчи фазасы. Дагы 23 стационардык камера

Алардын ар бирин тесттен өткөрүп, анан Бишкекке же Чүй облусуна орнотушат

Жыйырмадан ашык камераларды «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын экинчи фазасынын алкагында Бишкек жана Чүй облустарына орнотушат. Бул тууралуу байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет.
«23 камеранын ар бирин тесттен өткөрүп анан ишке киргизишет», - деп маалымдады Мамлекеттик байланыш комитети.

2019-жылы жалган курандын он экисинде ордо калаабызда 11 комплекстик аппараттар пайда болот. Аларды шаар ичине төмөнкүдө кылып орнотушат:

- Боконбаев көчөсү – Манаса прпоспекти;
- Чүй проспекти – Манас проспекти;
- Чүй проспекти – Павлов көчөсү;
- Жибек-Жолу проспекти – Манас проспекти;
- Махатма Ганди көчөсү – Боталиев көчөсү;
- Жибек Жолу проспекти – Курманжан Датка;
- Ахунбаев көчөсү – Байтик Баатыр көчөсү;
- Чүй проспекти – Абдрахманов көчөсү;
- Байтик Баатыр көчөсү – Горький көчөсү;
- Шабдан Баатыр көчөсүндөгү өткөрмө жолуна;
- Ибраимов көчөсүндөгү өткөрмө жолуна.

Чүй облусунда камералар Бишкек – Ош, Бишкек – Торугарт и Бишкек – Чалдовар жолдоруна коюлат.
Жалган курандын он экиси жана он үчүндө Бишкек - Ош жолунун 154,3 жана 160 километрлерине автоматтык комплекстер коюлат.
Жалган курандын 12 нен 16 на чейин Бишкек – Торугарт жолуна видеобайкоо коюлат:

- АЗС «Газпром» жанына, 17,7 - километрге;
- Люксембург айылындагы «Бишкек Петролеум» АЗС жанына, 18,8 - километрге;
- Люксембург айылынын Ленин-Западной көчөсүнүн жанына, 20-километрге;
- Канттагы «Газпром» АЗС бет маңдайына, 25-километрге;
- Красная речка айылынын Ленин көчөсунун 151 үйүнө, 31,7 - километрине;

Ошол эле убакта Чалдовар - Бишкек жолуна орнотушат:

- Кара-Балтадагы «Мээрим» дүкөнүнүн жанына, 61,6-километр;
- Алексеевка айылында, 66-километр;

- Вознесеновка айылында, 67,3 - километринде;
- Панфиловка айылында, 74-километринде;
- Ошол эле Панфиловка айылынын 78,2-километринде.

Эске салсак, эки жума мурун Бишкек шаарында жана Чүй облусунда «Коопсуз шаар» штаттык режимде иштеп баштаган.

Долбоорду ишке ашыруунунбиринчи этабынын биринчи фазасында 10 көчө кесилиштерине, 17 катуу ылдамдыкта жүрчү жолдордо жана 20 жылып жүрүүчү комплекстер ишке киргизилгендигин байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров айтып берди. Аппараттар Бишкектин кесилиштерине жана 4 катуу ылдамдыкта жүрчү жолдоруна коюлду, калгандары Чүй облусуна коюлган.

Жалпысынан алганда биринчи этаптын алкагында 110 АПК орнотушканы жатышат: 20 жылып жүрүүчү комплек, 38 жол кесилиштерине жана 52 катуу ылдамдыкта жүрчү жолдорго быйыл бугу айына чейин баарын коюп чыгуулары керек.

Кесилиштердеги камералар 7 түрдүү эреже бузууну каттай алат. Ал эми көчмө АПК менен катуу жүрчү жолдогулар 2 түрүн гана эсепке алат: каршы тилкеге чыгуу жана ылдамдыкты жогорулатуу.

Айып пулдун канча экендигин egov.kg кызматынын мамлекеттик электрондук кызматынын порталынан көрүүгө болот. Жол эрежесин бузууга салынган айыпты билүү кызматынан пайдалануу пайдалануу үчүн жеке идентификациялык номурду же машина катталган юридикалык жактын ИНН, ошондой эле машинанын катталган номурун киргизүү керек. Айып пулду төлөө үчүн сайттын кызматынан же терминалды пайдаланса болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх