Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева: Жогорку Кеңештин депутаттары иш бөлмөлөрүндө тамеки чегишет

Депутат кесиптештерин беш маал намаз окуп, анан арак ичип, саунага барган молдого окшобогулачы дейт

Жогорку Кеңештин тамеки чегүүгө каршы мыйзам чыгарган депутаттары өздөру иш бөлмөлөрүндө тамеки чегишет. Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ак калпакка маданий символ берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулаган парламенттин жыйынында Сурабалдиева мыйзам чыгаруучулар өздөрү мыйзам бузушат билдирди.

- Өлкөдө мындан башка да толуп жаткан көйгөй бар, - деп баса белгиледи ал. - Адегенде ар бир айылдын кире беришине ажаткана куруп алып, анан ак калпак тууралуу сөз кылгыла. Кесиптештер, биз элдин турмушун жакшырта турган мыйзам чыгарышыбыз керек. Анын үстүнө биз мыйзамды озүбүз бузуп жатабыз. Мисалы, тамеки тартуу боюнча документти алалы: бизде депутаттар өздөрү иш бөлмөлөрүндө тамеки тартышат. Беш маал намаз окуп, анан саунага барып, арак ичкен молдого окшобогулачы.

Эльвира Жыргалбековна Кыргызстанда ак калпакка макам берип, майрамдай турган күн бар.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх