Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев ак калпакты чет элдиктерге тартуу кылууга тыюу салууну сунуш кылды

Депутаттар ак калпак менен кошо ак элечекке да маданий символ макамын берүүнү сунуш кылышты

Жогорку Кеңештин жыйынында ак калпакка маданий символ статусун берүү боюнча талаш узакка созулду. Бир катар депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбековдун мыйзам долбоорун сынга да алып жиберишти.

Депутат Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбоорду колдоорун, бирок түзөтүү киргизүү керектигин айтты.

- Улуттук баалуулуктарга аяр мамиле кылуу керек, - деди эл өкүлү. - Биз албетте улуттук баш кийимди сыйлайбыз, бирок менин оюмча буга элечекти да кошуп коюу керек. Анткени ак калпакты жалгыз калтырууга болбойт.

Депутат Кожобек Рыспаев өз кезегинде чет элдиктерге ак калпакты тартуугу берүүнү тыюуну сунуштады. Анткени баш кийим баарынан жогору турат.

- Ак калпак ар бир кыргыздын жүрөгүндө болууга тийиш, - деп баса белгиледи ал.
- Дастан Бекешев айткандай, жазылбаган мыйзамдар бар, башкача айтканда биздин салттар. Анда эреже бар, ак калпак баарынан жогору турат. Бизде башка да элдердин өкүлдөрү жашайт. Алар бул мыйзамга өздөрүнү баш кийимдерин киргизүүнү суранышы мүмкүн. Чет элдиктерге ак калпакты тартуу кылууну тыюуну сунуш кылам. Антпесе биздин баш кийимибизди кийип мончого киришет алар.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева кесиптештерин жеке секторлордон бизнести тартып алганы жатасыңарбы деп күнөөлөдү.

- Силер калпак тигип сатабыз деп атасыңарбы, тагыраагы өкмөткө ошондой тапшырма берип жатасыңар, - деп билдирди депутат. - Бизде башка көйгөй калбай калдыбы? Силер бизнести жеке секторлордон тартып алып, өкмөткө бергени жатасыңар.

Бул мыйзам долбоорду Гульшат Асылбаев сындады.

- Документте чет мамлекеттен калпакты киргизүүгө тыюу салууну сунуштапсыңар, бирок бул эл аралык келишимге каршы келет, - деп белгиледи ал. - Силер булсөдорүңөр менен ак калпакты кандай сыйлаарыңарды гана көрсөтүп жатасыңар. Биро кийген кийимиңер Европаныкы. Эмне үчүн норманы сактабайсыңа? Андай болгон учурда кийимдер баары улуттук болушу керек. Мыйзам менен зордоп сыйлатпаш керек. Аларды сыйлаганга үйрөтүш керек. Бул мектептерде, үйдө боло турган нерсе. Мен бул документтин маңызын түшүнгөн жокмун.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх