Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалган курандын төртүнө чейин жол эрежесин бузган айдоочулар айып пул төлөшпөйт

Кыргызстандыктар «Бакыттын катын» «Кыргыз Республикасынын жол кыймылы тууралуу» жана эреже бузуулар Кодексине киргизген түзөтүүлөрү күчүнө киргенден кийин гана ала башташат

Бирдин айынын он экисинен жалган курандын төртүнө чейин жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду төлөшпөйт. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМ ЖКККМБ начальнигинин милдетин аткаруучу Иманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү күндө «Коопсуз шаардын» камералары 17 миң жол эрежесин бузууну каттаган.

- Жалган курандын төртүнөн баштап «Кыргыз Республикасынын жол кыймылы тууралуу» жана эреже бузуулар Кодексине киргизилген түзөтүүлөр күчүнө кирет, - деп тушүндүрдү Саркулов. - Ал түзөтүүлөргө ылайык, эгерде айдоочуайып пулду 15 күндүн ичинде төлөп койсо, анда салынган айып пулдун жарымын гана төлөйт. «Бакыттын каты» жалган курандын төртүнөн баштап жөнөтүлө баштайт.

Эске сала кетели, «Коопсуз шаар» долбоору өз ишин быйыл бирдин айынын он экисинде Бишкекте жана Чүй облусунда баштаган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх