Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт Министрлиги эки айдын ичинде айдоочуларга айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 654 миң сом айып салды

 Жол жана транспорт Министрлигинде канча протокол түзүлгөндүгүн айтып беришти

 Кыргызстанда мыйзамсыз айнегин караңгылатуу менен кайрадан милиция күрөшөт. Жол жана транспорт Министрлигинен ыйгарым укукту укук коргоочуларга быйыл жалган курандын төртүндө расмий түрдө алып беришет.

 Vesti.kg сайты транспорт Министрлигинин кызматкерлери бул жаатта эмне жумуш аткаргандыгын билүү максатында аларга кайрылды.

 Жол жана транспорт Министрлигинин алдындагы транспорттук көзөмөл башкармалыгынын инспектору Нургазы Маданов билдиргендей, 2019-жылы үчтүн айынын биринен жалган курандын бирине чейинки убакта бир катар кыдыруу иш чаралары өткөрүлдү.

 - Бул убакыттын ичинде «транспортту мыйзамсыз кайра жабдуу» беренеси менен 225 протокол түзүлдү, - деп маалымдады ал. - Анын 218 айнекти мыйзамсыз караңгылатуу.  Салынган айыптардын суммасы 654 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө мыйзамсыз караңгылатууга салынган айыптын өлчөмү 3000 сом, эреже бузуулар Кодексине киргизилген түзөтүүлөр күчүнө киргенден баштап айып пулдун өлчөмү 5000 сом болот.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх