Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын муфтийи Black Star Burger тамактануучу жайынын ачылышында эмне кылып жүрөт? (видео)

Уламалар Кеңешинде Кыргызстандын дин башкармалыгынын башчысы фастфуддун ачылышына катышкандыгына коммментарий беришти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев Black Star Burger фастфудунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу иш чаранын катышуучулары билдиришти.

Андан сырткары, ЖМК муфтийдин салтанатка катышып жаткан сүрөтү пайда болду. Ал кызыл тасманы кести.

Күбө болдгондордун айтымында, Максат ажы Токтомушев ишкананын конокторуна Black Star Burger «Халал» деген сертификат алгандыгын маалымдады.

 

 

Бул боюнча Vesti.kg сайты комментарий үчун Кыргызстандын уламалар Кеңешине кайрылды. Айтылган органдын төрагасынын орун басары  Марс ажы Ибраев муфтийдин мындай иш чараларга катыша ала тургандыгын түшүндүрдү.

 - Менин оюмча, бул ар бир адамдын укугу, - деп баса белгиледи ал. - Чамасы, ал бата берүү үчүн чакырылган болуу керек. Мында эч кандай эреже бузуу жок.

 Муфтияттын маалымат кызматы комментарий үчун жеткиликсиз.

 Иш чара кечээ Бишкектин соода борборлорунун биринде өттү.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх