Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаева статистиканы окубай туруп эле билдирүү жасап жибердиби?

«Замандаштын» лидери өткөөл мезгилдин экс-президентинин эмгек миграциясындагы аялдар үйлөрүнө баарынан көп акча салат деп айтканына макул эмес

Эмгек мигранттарын жынысына карап ийгиликтерин аныктоо - туура эмес, анткени аялдар да, эркектер да ак эмгектен акча таап жатышат. «Замандаш» партиясынын лидери өткөөл мезгилдин экс-президентинин билдирүүсүнө ушундайча комментарий берди.

«Аял мигранттар эркектерге караганда көп акча жөнөтүшөт. Ошол эле мезгилде алардын айлыктары да аз», - деп билдирет экс-президент Роза Отунбаева. Ал бул маалыматтарды Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө таянып айткан. Молдокматов өлкөдөн чыгып кетип жаткан мигранттарды ата мекендик статистика жынысы боюнча эсептебейт деп белгиледи. Анын сөзү боюнча, 2018-жылы Кыргызстандан 45 миң жаран чыгып кетип, 35 миң жаран кайтып келген.
- Аялдардын көптүгү туура, деп макул болот партиянын лидери. - Италияда биздин мигранттардын 60 пайызы аялдар, Түркияда болсо 70 пайыз, ал эми Орусияда аял менен эркектин саны бирдей.

Ал бул сандык катышты ишмердүүлүгүнүн түрүнө жараша болот деп түшүндүрдү: Италияда көбүнча үй кызматчысы болуп, карыган адамдарды карашат, Түркияда деле ошондой, сезон маалында мейманканаларда иштешет. Ал жакка аялдарды гана алышат. Дубайда болсо биздин кыздар кызмат көрсөтүү тармагында иштешет деп түшүндүрдү Молдокматов.

- Негизи Кыргызстандан чыгып кетип жаткан миграциялык агымды 3 топко бөлүүгө болот, - дейт «Замандаштын» лидери. 90-жылдары аялдар көп кетишкен, 2010-жылга чейин аялдар аз чыгышкан. Ал эми 2010-жылдан кийин бир аз аялдар менен эркектердин саны теңелип калды.
Роза Отунбаева калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 40 пайызы кетип жаткандыгын көрсөттү. Алар акча которуулары менен ИДП 30 пайызын камсыз кылышат деп баса белгиледи экс-президент . Ошол себептүү айылдык кеңештерде 30 пайыз аялдар үчүн мандатты резервге сактоону колдоо форуму болуп өттү.

«Изилдөөчүлөр миграциянын негизги кесепети өнүгүүнүн маданий алкагы иштебегендигинде дешти. Албетте, кыздарды ала качса, уруп жана кордосо кетип калышат да», - деди ал.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх