Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бир гана өзүңө ишенүүң керек»: Мээрим Иманкулова Москвадагы жашоосу жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди

Москвадагы медициналык борбордун официанттыгынан баштап менеджерликке чейинки жолду басып өткөн жаш кыздын өмүр баяны

Биздин мекендешибиз Мээрим Иманкулова 2017-жылдын чын куранынан бери Москвада жашайт. Миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле Мээримдин бул жакка келишине мекениндеги жумушсуздук себеп болду.

Мээрим Белокаменнаяда кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондугун Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Менин бул жакка келип калышыма жаңы нерселерди көрүүнү эңсегендигим жана мекенибиздеги жумушсуздук себеп болду, - дейт ал. - Мен Москвага келгенде адамдардан кайдыгерликти жана таш боорлукту көрдүм. Учуп келе жатканда бат эле жумуш табам, жумуш табууну жана документтеримди тааныштарым бүтүрөт деп үмүт кылгам. Андан сырткары, бул жакка келгенде абасы жакпай бат бат тумоолоп турчумун, бул жактын абасы нымдуу жана суук экен. Тамагына да көнө албай жатып араң көндүм.

Максатка умтулган Мээрим өз бактысын инвестициялык компаниядан да издеп көрдү.

- Келип, медициналык борборго орноштуп. Менин биринчи маянам 30 миң рубль болду, - деп улантат маектешибиз. Москвада адегенде ушундай айлыкка иштейсиң, бара бара тажрыйбаң арткан соң көп төлөшөт. Ушул убакыттын ичинде мен ресторанда официант болуп иштөөгө үлгүрдүм, инвестициялык компанияда стажировка кылдым. Бирок тилекке каршы Орусиянын жарандыгы жок болгондуктан мени жумушка алышкан жок.

Бүгүнкү күндө Мээрим Иманкулова Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу Академиясынын бүтүрүүчүсү, Москвадагы ийгиликтүү медициналык борбордун менеджер-оператору болуп саналат.

- Мен кесибим боюнча маркетологмун, - деп белгилейт ал. - Медициналык мкемеге орношуу менен мага медициналык терминдерди, буйруктарды жана документацияны үйрөнүүгө туура келди. Бул мен үчүн таптакыр башка тармак да. Ишим жакшы, айлыгы көп болгону менен баары бир өз мекениме кетким келет.

- Ыймандай сырымды айтайын. Москвадагы жашоо жаккан жок, бирок көнүп калдым, - деп түшүндүрөт маектешибиз. - Кыргызстан эси көөнүмдөн кетпейт, бассам турсам ойлоно берем мекенимди. Мекениңден алыста жүргөндө ал ансайын жакшы көрүнөт экен.

Сөзүнүн соңунда Мээрим Орусия кетем деген мекендештерине кеңеш берет.

- Эң биринчиси - бул бир гана өзүңө ишенүүң керек, - деп баса белгиледи ал. - Ошондой эле башты жерге салбай, максатка умтулуп жана өжөр болуу керек. Чет жерде жүргөн киши ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоосу зарыл, ыкшоолук деген нерсени унутуш керек.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх