Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыздар ар кандай жүрүш кылуугу укук алышты. Казактар болсо ала элек»

Кошуна республикада Кыргызстанда жалган курандын сегизинде жүрүшкө чыккандардын эркиндигине жана тайманбастыгына суктанышты

Казакстандын Instagram колдонуучулары Кыргызстанда өкүм сүрүп жаткан демократия менен эркиндикке тамшанышты.

Эске салсак, Бишкектин Ала-Тоо аянтында аялдардын Эл аралык күнүнө арналган тынчтык жүрүшү болуп өттү. Ал иш чарага аялдардын укугун коргогон уюмдар, ошондой эле Кыргызстанда ЛГБТ укугун коргогон «Лабрис» уюмунун өкүлдөрү катышты.

Казакстандын Instagram социалдык тармагынын колдонуучуларын кыргызстандыктардын өз оюн ачык билдире алгандыгы таң калтырды.

«Демократиясы бар өлкөнүн жаңылыктарыбы? Өнүгүүсү алдыга кеткен өлкөнүн жаңылыгыбы?». Бүгүн, жалган курандын сегизинде, Бишкекте аялдардын укугун коргогон аялдардын жүрүшү өтөт.
Силерге рахмат! Мен азырынча Казакстандамын, ошондуктан үн катпай турайын, анткени социалдык тармактарды да үзүп салуулары мүмкүн. Казакстанда аялдар укугу үчүн, тынчтык жүрүшү! Жоок! Бизге андайдын кереги жок, рахмат!, - деп жазат казак блогери @devochkakolbasa.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири ал жүрүшкө өз өлкөсүндө тынчтык жүрүшкө чыга албаган Казакстандын активисттери катышкандыгын белгилеп кетти.

«Ал жүрүштө Казакстандын активист кызы катышкан, ал кыз баарынын көңүлүн бура турган сөз сүйлөдү. Казакстандан ал жүрүшкө келген делегация алардын мекенинде тынчтын жүрүшүн кылганга тыюу салынгандыгын, ошол себептүү Бишкекке өз позцяларын билдиргени келишкендигин айтышты», - деп жазат казакстандык кыз.

Тармактын андан башка да колдонуучлураы кыргызстандыктардын өз эркиндиктерине жетишкендигин белгилеп кетишти.

«Кыргыздар ар кандай жүрүшкө чыгууга эркиндик алышты. Грузиндер жана украиндыктар да жетишишти. Казактар али жетише элек», - деп жазат казакстандык.
«Украина, Грузия, Кыргызстан - алдыга кадам таштаган өлкөлөр. Ал жакта чыныгы патриоттор жашашат. Украинага болсо суктанып бүтпөйм», - деп жазат Instagram социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири.
(автордун орфография жана пунктуациясы бузулбай сакталды).

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх