Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«40 кыз» долбоорунун автору: Биздин долбоордун феминисттер менен гейлерге тийешеси жок

Улуттук кийим кийген кыздардын Курманжан датканын эстелигине сүрөткө түшкөнү жана куран окуганы келгендери билдирилет

Кыргызстандын 40 районунан Бишкекке келген кыздар улуттук каада салтты, кийимдерди көрсөтүп жана Курманжан датканын эстелигинин алдында сүрөткө түшүшөт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына журналист, коомдук ишмер, «40 кыз» долбоорунун авторлорунун бири Элнура Кулуева билдирди.

Анын сөзү боюнча, бул долбоордун саясатка эч кандай тийешеси жок.

- «40 кыз» долбоору эки ай мурун башталган, - деп түшүндүрдү Кулуева. - Биз ал кезде жалган курандын сегизинде болгон тынчтык жүрүшү тууралуу билген да эмеспиз. Андан сырткары, биз «1000 ак элечек» долбоорунун автору болобуз, бешбармакты Гиннес рекорддор китебине киргиздик. Ошондой эле биздин «40 кыз» долбоорубуз улуттук каада салтты, тамактарды жана кийимдерди өнүктүрүүгө багытталган.

Кулуева «Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрүнүн бул кыймылга тийешеси жок экендигин айтып берди.  

- Бүгүн Курманжан датканын айкелине барып куран окуп, сүрөткө түштүк, - деп баса белгиледи ал. - Ушул убакта «Кырк чоронун» өкүлдөрү пайда болуп, кыздарга гү беришти. Чамасы, алар бул иш чара аркылуу алар өз көз караштарын билдиргилери келишти окшойт. Ал эми бул «40 кыз» долбоорунун авторлору жана бул долбоордун эч кандай саясатка тийешеси жок жана андай сөздөр сүйлөнгөн да жок.

Эске салсак, жарандык активист Аманбол Бабакулов Vesti.kg сайтына бүгүн 40 райондун 40 кызы Бишкекте жалган курандын сегизинде парадга чыгышкан феминисттерге жана гейлерге каршы парадга чыгышат деп билдирген эле.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www  

 

   

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх