Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өрт коопсуздугунун техникасы өтө турган жердин эндүүлүгүн кичирейтеби?

Бишкектин мурдагы башкы архитектору короолордогу машиналардын айынан ансыз да өтө албайсың деп эскертти

Жогорку Кеңештин депутаттары өрт коопсуздугунун техникасы өтө турган жердин эндүүлүгүн 6 метрден 4 метрге кыскартат. Бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасында укук коргоочу Калича Умуралиева билдирди.

«Мындай депутаттар турганда душмандын да кереги жок, - деп билдирди ал. - Эсиңерге түйүп алгыла, алар төмөнкүдөй кылуу үчүн мыйзамдолбоор киргизишти: өрт коопсуздугунун техникасы кире турган жолду 6 метрден 4 метрга эндүүлүгүн кыскартышат жана техника үйдүн бир жагынан гана кире турган кылышат, ж.б.».

Активисттин сөзү боюнча, бул долбоордун авторлору Марлен Маматалиев, Аида Касымалиева, Мирлан Жээнчороев, Абдыбек Дүйшалиев, Эмил Токтошев,Үмбөталы Кыдыралиев, Махабат Мавлянова, Тынчтыкбек Конушбаев, Сагындык Келдибаев, Нурбек Тотонов, Зарылбек Рысалиев, Тариел Жоробеков жана Калдарбек Баймуратовдор.
«Өрттөнүп өлсүн деп атышабы?! - деп какшыктайт Умуралиева. - Мен тогузунчу кабатта жашап жатканымда, бешинчи кабаттан өрт чыкты. Биз түтүндөн коридорго чыга албай калдык. Мына, тогуз кабаттан бийик үйлөр турат. Мыйзам боюнча, түтүн болбой турган шатылар болушу керек эле. Жок дегенде бирин көрсөткүлөчү».

Кыргызстандын архитекторлор башкаруу Уюмунун мүчөсү Бейсен Кариев бул тууралуу белгилеп кетти. Өрт коопсуздугунун техникалары өтчү жол укук коргоочу ойлогондой бир жактуу болбой. Ал депутаттардын сунушун ар бир үйдүн контекстинде карап чыгуу керектигин Vesti.kg сайтына түшүндүрдү.

- Эгерде жалпак үйлөр болсо, анда 4 метр жетишет, - дейт эксперт. - Ал эми кеп 5 кабаттан жогорку үйлөр тууралуу боло турган болсо, андан жолдун эндүүлүгү маанилүү. Ал эми имараттын жайгашуусу, анын жанында эмнелер жайгашкандыгына жараша кароо зарыл. Мисалы, өрт өчүргүч машина эни 3,5 метр болгон тар көчөдөн да өтө берет. Бирок бир жагынан алганда ал көчөдө гана туруп калат. Жабдууну орнотуу үчүн 6 метр керек болот.

Бишкектин мурдагы башкы архитектор, республиканын Эмгек сиңирген куруучусу Сапар Султанов Vesti.kg сайты мекнен болгон маегинде эндүүлүгү 6 метр болгон жол кварталдын ичинде бир гана өрт коопсуздугунун техникасы үчүн керек. Ал жолдон кадимки машинадан экөө бата турган кадимки керектелүүчү параметр экендигин белгиледи.

- Биздин маданиятыбызга жараша корообуз машиналарга толуп калган, өрт өчүрүүчү машина турмак киши да өтө албайт, - дейт ал. - Ошондуктан менин пикиримче, жолдун эндүүлүгүн кыскартпоо керек.

Архитектор депутаттардын жолду кысабыз дегендеринин да жөнү бар. Анткени имараттардын ортосунда жол энсиз болуш керек, бирок кварталдардын ортосундагы кичинекей тыгын жаралышы мүмкүн.

- Нормативдер бар го, - дейт ал. - СССР убагында 3,5 метрге кошумча 1 метр тротуар болгон. Эгерде 5,5 метр болсо, анда тротурага калтырбай койсо да болот. Ошондуктан 6 метр туура эле болот, кааласа машинасын коюп койсо да болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх