Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Учурда жаштарыбыздын арасында радикалдуу ислам таркап жатат»

Кыргызстанда мындан ары жума намазында насаат кыргыз жана орус тилдеринде алып барылат

Кыргызстандын муфтияты жума намаздагы насаат кыргыз жана орус тилдеринде окууга уруксат берди, анткени аймактардын жашоочулары эмнени окуп жаткандыгын түшүнүүсү керек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Ислам университетинин мурдагы ректору Марс Ибраев билдирди.

- Менин көз карашым жакшы эле бул нерсеге, - деп белгиледи ал. - Эгерде намазды түшүнгөн жана жарандар кабыл ала турган тилде айтса туура эле болот. Буга чейин Кыргызстандын аймактарындагы мечиттерде насаат айтуу бир гана мамлекеттик тилде өтүлчү. Айрым бир мечиттерде орусча да өтчү. Түштүктө өзбекче да өтүшчү, анткени алардын басымдуу бөлүгү ошол улуттан. Кыргызстандын эли бул насаат иштерин туура түшүнөт деп ишенет муфтият. Учурда жаштар арасында радикалдуу ислам таркап жатат, аларга туура эмес маалымат берип коюшат. Менимче, бул мыйзамды орус тилдүү жаштар насаатты туура түшүнсүн деп чыгарышты бейм.

Түшүндүрө кетели, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгы мечиттерде кутба окуу бир гана кыргыз тилинде болсун, жана зарыл болгон учурда орусча да айтылсын деген буйрук чыгарды.

Жалган курандын алтысында муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка кол койду. Документте жума намаздагы насаат айтуу кыргыз тилинде болуусу керек деп айтылат. Кутбадан башка учурларда тилге чектөө болбойт.

Белгилей кетели, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат, ал эми орус тили расмий тил.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх