Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакай-Атадагы кеңешмеде балдардын арасындагы суицид жана мушташуулары талкууланды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда Координациялык кеңешмеси болуп өттү
Бакай -Ата райондук администрациясынын жыйындар залында бир канча мекеме уюмдары менен Координациялык кеңешме өткөрүлдү.
 
Бул тууралуу Vesti .kg  басылмасынын кабарчысы маалымдады. Маалыматка ылайык, өтүлгөн кеңешмеде мектеп окуучулары арасында болуп жаткан өз ара мушташуу, суициддин алдын алуу, мигранттардын балдарынын абалдары жана аларга карата зомбулуктун катталышы, окуучулардын ата энелери менен жеке байланыш кылуу сунуштары талкууланды.
 
Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары арасында ар кандай окуялар катталууда . Биз ар дайым окуучулар жана алардын ата энелери менен тыгыз байланышта болуп иш алып барып туруу керек деп баса белгиледи райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков. Иш чарага район акими жана орун басары, район прокурору, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөру, айыл өкмөт башчылары, социалдык адистери, мектеп мүдүрлөрү жана бала бакча башчылары катышып өз пикирлерин айтып өтүштү .

 Элхан Акылбеков
 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх