Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте маршруткачы кош бойлуу аялдарды жана пенсионерлерди бекер ташыйт (сүрөт)

Кыргызстандыктар айдоочунун айкөлдүгүнө жана жөнөкөйлүгүнө таң калып жатышат

Бишкектин №117 багытында жүргөн таксиси дүйшөмбү күнү гана пенсионерлерден акча алат, ал эми боюнда бар аялдардан таптакыр жол кире албайт. Бул тууралуу фейсбуктун колдонуучусу Уланбек Исакбеков жазып чыкты.

Анын сөзү боюнча, ал кишинин аты Алмаз.

«Мен анын мындай нерсе үчүн канча кирешеден кур калаарын билбейм, бирок ага кудай мунусу үчүн эселеп кайтараарын билем.
Ал аябай жөнөкөй киши экен, биз эки квартал өткүчө сүйлөшүп бардык, аялдамада мен анын жылмайып коюусун сурандым. Анткени мен аны соцтармакка чыгарайын дегем, ал кыйылып туруп араң макул болуп, жылмайды», - деп бөлүшөт ал.

Комментарийлерде ыраазы болгон элдер аны алкап жатышты.
Бир аял №117 маршруттук таксинин бир айдоочусу беш алган окуучуларды бекер ташыгандыгын кошумчалай кетти.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх