Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык таксист: «Ошол жол кырсыгынан кийин жанымды коёрго жер таппайм»

Чыңгыз Анарбек уулу болгон окуядан кийин нерв системасын калыбына келтире албай жатат

Vesti.kg сайты чет өлкөдө болгон биздин мекендешибиз тууралуу аңгемесин улантат. Бул жолу Кыргызстандан барган Чыңгыз Анарбек уулу биздин редакцияга 2018-жылы кулжа айынын он алтысында Москвадагы футбол боюнча дүйнө Чемпионатында болгон чуулгандуу окуяны баынан кечиргендигин айтып берди. Ал таксинин ролунда отуруп башкара албай калып, футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Быйылкы жылдын баш оонасынын он алтысына чейин камакка алынган болчу. Кийин белгилүү болгондой, Чыңгызга үч жылга чейин Орусия Федерациясынын аймагынан чыгууга тыйуу салып коюшкан.
Москвага качан келдиңиз эле?
Москвада жашаганыма 8-9 жыл болуп калды. Бул жакка иштегени келгем. Адегенде өзүм келгенмин, кийинчерээк аялымды да алып келдим. Биздин эки кызыбыз бар, экөө тең Кыргызстанда төрөлгөн. Улуубуз төрткө чыкты, кичүүсүнө жакында эки жаш болот. Алар Кыргызстанда биздин ата энебиздин колунда. Менин туугандарым менен көрүшпөгөнүмө жакында эки жыдын жүзү болот.

Сизге Москва жактыбы?

Жакты. Бул жерде жумуш көп, айлыгы да жакшы. Москвада негизинен кыргыздар эле жакшы жумуштарда иштешет. Бирок, мен баары бир ата мекенимди сүйөм.

Сиз Москвага алгачкы жолу келгенде эмне жумуш кылдыңыз эле?

Мен биринчи жолу келгенде Подмосковьеде жүк ташыгыч болгом. Анан Москвага келдим. Ресторанда ашпозчу болуп иштедим, убакытты текке кетиргеним жок. Ошентип мен алты жылды өткөрдүм. Акыбалды өзгөртүп таксист болуп иштөөнү чечтим. Бирок, тилекке каршы таксист болуп 15 күн гана иштедим.
Мен сиздин жумуштан сырткары машыгууга да баргандыгыңыз тууралуу угуп калдым. Сиздин спорттун кайсы түрү менен машыккандыгыңызды билейин дедим эле.

Мен көп жылдан бери эрежесиз урушка катышып келем. Мен Кыргызстанда бокс боюнча спорттун чебердигине талапкер болчумун, спорттун бул түрү менен беш жыл машыкканмын. Кыргызстан курамасында болгонмун. Ошентип, мен көп жылдан бери машыгам. Москвада болсо расмий түрдө «Ахмат» клубунда машыгам.

Сиздин келээрки таймашыңыз качан болот?

Жалган курандын отузунда беттешүү болот. Бирок, азыркы учурда менин ден соолугум канааттандырарлык эмес. Менин ден соолугум ал таймашка чыгууга жол бербейт. Муну мага дарыгерлер айтышты. Бир жыл ичинде мен психикалык абалымды жакшырта албайм. Менин оюмча, рингге чыгууга али эрте.

Баягы чуулгандуу окуяңыз тууралуу сурабай коё албайм. Ошол мүнөттөрдөгү сизде болгон эмоция тууралуу айтып берсеңиз.

Ал окуя дайыма менин жүрөгүмдө жашап келет. Мен адегенде эмне болгонун түшүнгөнүм жок. Анткени мен иштен чарчап, уктап калган бочумун.

Интернет айдыңында сизди эмнеге ошол окуя болгондон кийин качып кетти деп сурашат?

Кантип түшүндүрсөм эми… Анткени бул болгон окуя мен үчүн коркунучтуу болду. Бир жагымда отуздай, экинчи жагымда болсо алтымыштай киши, мага алар өлтүрүп салчудай көрүнду.

Кийинки күнү көчөгө чыгуудан коркконуңуз жокпу, элдин каарынан?

Жок. Бул нерсе ар кимдин башына келиши мүмкүн. Албетте мен кайгырам ал кылганым үчүн, анткени адамдардын ден соолугуна залал келтирдим. Деги эле мен кичинемден бирөөнү капа кылуудан корком. Таарынтып алсам, кечирим суроо үчүн барчумун. Мени ошондой тарбиялашкан. Ал эми ал жол кырсыгы болсо менин жүрөгүмдө дайыма кала берет окшойт, мен дагы эле жанымды коёрго жер таппайм. Мурда машина айдап жүргөнүм менен, азыр отургандан да корком.

Сизди туугандарыңыз колдоп турабы?

Жол кырсыгы болгон сон, мен туугандарым менен сүйлөшүүгө үлгүрүп калдым. Беш ай өткөн соң мени жумушка иштете башташты, мен ошондо болгон окуя тууралуу Орусияда гана эмес менин мекендештерим да кабардар экендигин билдим. Анткени ага чейин мага уюлдук телефон колдонгонго мүмкүн эмес болчу. Туугандарым мага жардам кылгандарына ыраазымын. Кудайга шүгүр азыр баары жакшы.

Менин билишимче, сиз эми Кыргыз Республикасына жакын арада кете албайт турбайсызбы. Мекенге кеткиңиз келеби?

Албетте, кетким келет.

Медина Купсулдаева
сүрөт www

Бул чыгарылыш «Карылардын ресурстук борбору» АК ишке ашырып жаткан «Мигранттарды укуктук жана маалыматтык жактан колдоону комплекстүү өнүктүрүү жана алардын укуктарын коргоодо кызматташтык» долбоорунун алкагында чыкты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх