Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

68 жаш курагында Бабырбек Жээнбеков дүйнөдөн кайтты

Равшан Жээнбековдун атасы узакка созулган оорудан көз жумду

Бүгүн 68 жаш курагында монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Бабырбек Жээнбеков каза болду. Ал экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы болчу.

Бабырбек Жээнбеков эмгек жолун 1967-1968 жылдары Талас облусунун Киров районундагы мектептен баштаган. Ал «Алиби» гезитинин башкы редактору, жана журналист болгон. Бир катар басылмаларда иштеген. 2013-2014 жылдары Жээнбеков монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигин жетектеген.
Акыркы жылдары Бабырбек Жээнбековдун ден соолугу начарлап кеткендиги билдирилген. 2017-жылы бештин айында Равшан Жээнбеков социалдык тармактардагы өз баракчасына атасынын Түркияда операция болгондугун жазып чыккан эле.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх