Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ӨКМ кызуу байланыш түздү

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ӨКМ кызуу байланыш түздү

Өзгөчө кырдаалдардын ыкчам кызматынан пайдалангысы келген ар бир жаран, ал жакка бардык маселе боюнча кайрыла алат

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу алкагында ӨКМ «112-Кыргызстан» уюлдук тиркемеси өзгөчө кырдаалдын ыкчам кызматын чакырүү үчүн кызуу бюайланыш түзөт, ал жакка бардык маселе боюнча өзгөчө кырдаалдын ыкчам кызматынан пайдалангысы келген ар бир жаран кайрыл алат.

Бул уюлдук тиркеме мыйзам бузуулардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана ден соолукка зыян келтирүүчү мыйзам бузууларда ыкчам аракет жасоону камсыз кылуу менен калктын саламаттыгын сактоо максатында элдерди бул ишке катышууга тартуу максатында түзүлдү.

«112-Кыргызстан» тиркемеси колдонуучуга өзгөчө кырдаал, окуялар тууралуу билдирүү жана сүрөт,видео, аудио материалдарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге колдонуучу калктын саламаттыгына коркунуч келген учурда өтө зарыл болгон маалыматтарды жөнөтүп жана алгачкы медициналык жардамды ала алат.

Белгилей кетчү нерсе, учурда бул тиркеме Android базасындагы гаджеттерге жеткиликтүү. Ал эми iOS базасындагы гаджеттер - азыр AppStore администратору тарабынан текшерүү стадиясында турат.

Кыргыз Республикасынын ӨКМ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх