Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл РИИБ начальнигин тынчтык жана коопсуздук үчүн пансионатка көчүрүшкөн

Пансионаттын директору полковник Увалиев андан коттедж сатып алды деген маалыматты төгүндөдү. Андан сырткары, милициянын атка минеринин өз үйү болгон эмес

Ысык-Көл райондук ИИБ начальниги Нургазы Увалиев Корумду айылындагы «Симирам» пансионатынан коттедж сатып алган эмес. Жетекчилик эс алуучулардын коопсуздугу үчүн ал жерде жашап жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына пансионаттын директору Самат Азаров билдирди.

- Ысык-Көл РИИБ начальниги пансионаттан коттедж сатып алган жок, - деп түшүндүрдү ал. - Биз өзүбүз аны ушул жерге жашоого чакырдык. Бул кышында болуучу кылмыштуулуктун алдын алуу профилактикасы катары болуп жатат. Анын үстүнө бул жер айыл жергеси. Ал жер караңгы. Ага эч ким коттедж саткан эмес. Адегенде биз аймактык тескөөчүнү жашаганга чакырганбыз, ушундай болсо тынч болоор деген ойдо чакырдык. Бирок, анын үйү, бала чакасы болгондуктан келе албады. Андан соң биз райондук милициянын начальнигине кайраылдык. Анткени анын үйү жок экен. Мен ага биздин пансионатта жашап турууну сунуш кылдым. Ал азыр жалгыз жашайт коттеджде. Биз ага бир кичинекей бөлмө бергенбиз. Увалиевдин келгенине жарым жыл боло элек.

Эске салсак, мурда жалпыга маалымдоо краажаттары Ысык-Көл райондук ИИБ начальниги Нургазы Увалиев «Симирам» пансионатынан коттедж сатып алды деп жазып чыгышкан эле. Ушул себептен Vesti.kg сайты жергиликтүү укук коргоо органына кайрылды. Ысык-Көл облусунун ИИБ чындап эле Нургазы Увалиевдин райондук бөлүмдө начальник экендигин ырасташты. Ошону менен бирге ИИМ Ысык-Кол облусу боюнча ички кызматтык иликтөөсүнүн кызматкерлери текшерүү жүргүзөөрүн маалымат кызматы билдирди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх