Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Путин оккупант». Орусия Федерациясынын имаратынын алдында митинг кылгандарды улутчулдукка айыптап жатышат (видео)

Кармалган активистти аялы экөөнү тең 19 саат ачка кармашкан

Жарандык активист Нурлан Кармышаков жана анын аялы улуттар аралык жаңжалды козутууга айыпталывп жатышат, анткени алар Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Кармышаков аялы экөө «Бизге Орусиянын базасынын кереги жок», «Путин оккупант» деген плакаттар менен митингге чыгышкан. .

- Кечээ эртең менен аларды кармашты жана 19 саат ачка кармашты, бул кыйноого барабар, - деп комментарий берди ал. - Бул убакыттын ичинде экспертиза «Путин оккупант» деген сөздөн кантип улуттар аралык кастыкты табат, анткени миңдеген адамдар «Биз кытайга каршыбыз» деп деле жатышпайбы. Бирок эмнегедир Кармышаковду улутчул деп табышты.

Андан сырткары, кармалган активистти украин улутчулдары менен байланышы бар деп айыпташты.

- Үйүн тинтиштип, албетте, эч нерсе табышкан жок, - деп түшүндүрдү Карасартова. - Тергөөчүлөр ырас ал Путинге каршы болсо, демек, бандеровчу дагы деп чечишти. Мурда мен Орусиянын президентине каршы чыкканымда, Дело№ гезити мени украин улутчулдары менен байланышы бар деп жазып чыккан.

Биринчи май РИИБ камалгандарга кыйноолорго каршы Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов кирип чыкты.

- Мен аялынан арыз алып чыктым, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына. - Негизги мыйзам бузуу - бул алар кармалган кезде жактоочунун берилбегендиги. Юрист РИИБ түн жарымында келген, ал эми активисттер болсо эртең менен кармалган. Ошондой эле Кармышаков бир кызматкердин ага кыйкырып, сөккөндүгүн көрсөттү. Биз арызды прокуратурага жолдойбуз, буга көзөмөл органы юридикалык баа бериши керек.

Ал ортодо Кармышаковдун уулу тармакка алардын үйүн тинткенден кийинки видеону жарыялады.


Бул факт боюнча Vesti.kg сайты Бишкек РИИБ маалымат кызматына кацрылды. Мекемеден маалыматты кийинчерээк беребиз деп убада беришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх