Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын канча жараны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары эсепте тураарын ИИМ коомчулукка билдире албайт

Бирок алардын саны көп экендигин моюнга алышат

Ички иштер Министрлиги коомчулукка Кыргызстандын канча жараны УКТ мүчөсү катары ыкчам кызматтын эсебинде тураарын жана алардын канчасы эркиндикте экендигин жарыя кыла албайт. Vesti.kg сайтына КР ИИМ маалымат кызматы ушундайча жооп берди.

Бирок алардын саны өлкөдө аз эмес деп жооп беришти андагылар.

- Андай адамдар көп, - деп жооп берди маалымат кызматы. - Бирок биз алардын санын жарыя кылып айта албайбыз. Иш жүзүндө аларды соттун чечиминен кийин гана

УКТ мүчөсү деп атай алабыз. Ал эми алардын кайсы бир топко иштегендиги, ыкчам эсепте тура тургандыгы тууралуу маалыматтар ИИМ кызматкерлеринин ички иштеринин гана жүрүшүндө пайдаланылат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх