Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мадумаровдун айынан мен шкафка бекингенге аргасыз бодум, азыр талаа менен качып баратам» (видео)

Активисттин сөзү боюнча, баткендиктер аймактын жаңы башчысына нааразы

Мурда Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары жаңжалдашкан чегарадагы Ак-Сай айылынын аялдары, балдарыбыз мектепсиз калат деп тынчсызданууда.

Жергиликтүү тургундар Vesti.kg сайтына видео кайрылуу жасашкан, анда тажиктер мектепти басып алат деген каңшаар таркап жаткандыгы айтылат.

- Мен бул жерде элүү жылдан ашуун убакыттан бери жашайм, - дейт Курманжан Дооранова. - Бул жерде тынч жашоо болбойт, бийлик тарабынан болсо бир да жардам болбойт. Биздин балдарыбыз , тагыраагы 500 бала мектепке барат. Алар кыргыз-тажик чегинен өтүшөт. Тажикстанда биздин досторубуз жана туугандарыбыз бар, алар бизге тажиктердин мектебибизди басып алганы жаткандыктарын билдиришти. Алар басып алышса, балдарыбызды барымтага алуулары мүмкүн.

Дооранованын сөзү боюнча, чегарадагы балдар билим алышпаса үйлөрүн таштап, көчүп кетишет.

- Биздин акыбалыбыз күн санап оорлоп жатат, - дейт ал. - Эгерде алар биздин мектепти басып алышса, биз аларга жерди бергенге аргасыз болобуз жана көчүп кетебиз. Биз бул жерден кетсек тажиктер үйлөрүбүз үчүн төлөп берүүгө даяр. Бирок биз бул жерден кетсек бүтүндөй Баткен облусу суусуз калат. Биздин колубузда Кыргызстандын жараны деген паспортторубуз бар. Бирок өлкө жетекчилиги биз менен иши да жок.

Андан сырткары, ал аял мурдагы президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун кайрылуусуна нааразычылыгын билдирет.

- Биз интернеттен Адахан Мадумаровдун бул жерди он жыл илгери берип жибергендигин көрдүк, - деп билдирди Дооранова. - Ошондой эле ал кишинин кыргыз кыздарды тажиктер чечиндирди деп айтканына нааразыбыз. Кантип ошентип айтканга оозу барды?



Ал ортодо Баткен облусунда жашаган жарандык активист Роза Маманова Ак-Сай айылынын тургундары жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду колдобогондуктарын Vesti.kg сайтына билдирди.

Жашоочулар бул дайындоого нааразы, - деп билдирди ал. - Мен айылга келишим жаңы дайындалган жетекчиге жаккан жок. Ал укук коргоо органдарына мени кармоого буйрук берди. Мен шкафка бекинип калып, азыр болсо Ак-Сайдан чыгып талаа аркылуу качып кетип баратам.

Акрам Мадумаров бүгүн Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх