Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекет жарандарга автомобилдерин кайра каттоосуна кам көрөт

Бул «Коопсуз шаарга» кошулуунун бирден бир көйгөйсүз жолу. Болбосо - бир гана сот аркылуу

Ишеним каттын негизиндеги авто - бул «Коопсуз шаардын» киришинен кийинки авто ээлеринин баш оорусу. Машинанын ээсине да, айдаган кишиге да ыңгайсыздык жаралат. Ошоентип, адегенде айып пул тууралуу билдирүү анын биринчи ээсине келет, ал эми экинчисиники болсо айып аянтчасында машинасы калып кала турган абалга кептелет. Анткени ал бул билдирүүлөрдү ала да албайт, жок кыла да албайт мыйзам алдында.

Мындай учурда эмне кылуу керек?

КР ИИМ ЖКККББ мындай көйгөйдөн кутулуунун бир гана жолу - бул сот деп Vesti.kg сайтына түшүндүрдү.

КР жоруктар Кодексинин 306 беренесинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти автонун ээси тартат деп айтылат, себеби ал машинаны кайра каттаттугу мидеттүү болчу, - деп баса белгилейт башкарманын маалымат катчысы Тилек Оторов.

Айып пул салынган тктомду алып, транспорт каражатынын чыныгы ээси мониторинг борборуна келип кырдаалды түшүндүрүшү керек. Бул учурда айып пулду төлөөнү эки жумага токтото турушат. Бирок бул жетиштүү эмес, анткени автонун убактылуу ээсин издеп табуу керек да.

- Ал эми бул болсо бир гана соттун чечими аркылуу жасалат, - деп түшүндүрдү Оторов. - Ошондуктан автонун ээси арыз жазуу керек, андан кийин соттун чечиминин көчүрмөсүн ЖКККМБ издөө бөлүмүнө тапшыруу керек. Биз машинаны таап, аны айып аянтачасына койдурабыз, качан гана убактылуу ээси айып пулду төлөгөндө чыгарабыз.

Процедура татаал сезилет бекен? Балким ошондойдур, бирок жолу ушундай.

Бирок байланыш жана маалымат технологиясы Мамлекеттик комитетиндегилер канча жылдан бери атка минерлердин «Коопсуз шаар» үчүн машиналарды өзүнө каттатуу керек экендигин айтып келишкендигин эскертет. Ал эми 2018-жылдын башынан баштап муну тездетүүнү суранып жатышат.

Мисалы, 2018-жылы үчтүн айында Мамлекеттик каттоо кызматты «каттоо мунапысына» даярдык көрүп жатышкандыгын жарыя кылган. Кырдаалды жакшыртуу максатында машиналарды каттоодогу бааларды арзандатып, «Таза коом» долбоорун ишке киргизүүнү максат кылган.

Ошентип, 2018-жылдын жалган куранынын экисинен теке айынын экисине чейин: 2,5 миң 5 миң эмес 1,5 миң кылып арзандаткан болчу.

«Ал эми «Таза коом» долбоорунун алкагында айып пул машинанын ээсине жазылат да ишеним каттар бир гана кырдаалды кыйындатат», - деп эскертет транспорт каражаттарын каттоо Департаментинин директорунун орун басары Үсөн Касымалиев.

Автолорду кайра каттоо кампаниясынын башталышы менен 2018-жылы мамлекеттик пошлинанын өлчөмү - транспорт каражатынын базар баасынын 1 пайыздан 01 пайызга түшүрүштү.

«Кайра каттоо үчүн бирден бир маанилүү шарт бул даректик базада автонун ээсинин маалыматтарынын болушу. Ошондуктан өзүңдүн каттооңду жашаган жериңден portal.tazakoom.kg сайтынан текшерүү керек, же 119 номери боюнча чакыруу борборуна чалып билүү керек», - деп түшүндүрүштү Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчылыгынан.

МКК айдоочулук курамын жана автомобилдерди кайра каттоо Департаментинин директору Үсеин Касмалиевдин сөзү боюнча 3 айдын ичинде 95 миң автону кайра каттоого жетишишкен.

Кийинчерээк кацйра каттоонун жеңилдетилген түрүнүн мөөнөтүн 2018-жылдын аягына чейин жылдырышты.

Машинаны эмнеге өзүңө каттатуу керек?

Эске салсак, машинаны ишеним кат аркылуу сатып алуу кардар үчүн төмөндөгүдөй көйгөйдү жаратат:

- Сатып алуучу же нотариус чектөөлөр тууралуу маалыматтарды билбейт (арест, залог)

- Мөөнөтү өтүп кеткен ишнем кат болгон учурда машинанын ээсин издөө машакаты пайда болот;

- Ишеним кат берген киши өлүп калган учурда ал ишеним кат өз күчүн жоготот, анан аны мурастап алуу көйгөйү жаралат;

- Авто ээсинин башка өлкөгө туруктуу жашоо үчүн кетип калган учурунда (ПМЖ) кайра каттоо боюнча төмөнкүдөй көйгөй жаралат;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси боюнча ишеним кат менен машинаны алган киши аны өз атына каттатууга акысы жок;

- Автону ишеним кат менен айдап жүргөн адамтехпастпорт же номер жоголгон учурда аны кайра калыбына келтире албайт;

- Автонун чыныгы ээси кайсы учурда болбосун ишеним катты жокко чыгарып, машинаны кайра берүүсүн талап кылышы мүмкүн;

Ал эми чыныгы ээсине болчу көйгөйлөрдү айта кетели:
- Авто ээси жол кырсыгы болгон учурда жоопкерчилик тартпайт;
- Бардык салыктар жана айыптар анын атына келет;

- Транспорт каражатын издөөдөгү баш оору - ал ишеним кат эч кайсы мамлекеттик органда катталбайт.

Ошентип, мамлекет алдын ала кам көрүп жарандарды ошондой машакаттан кутултуу максатында иш алып барып жатат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх