Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктерге бугу айынын тогузунда терезелерин ачып, мекенчил музыкалардан коюуну сунушташты

Бирок, үйлөрдөн күтүлбөгөн музыкалар чыгып кетиши мүмкүн, анткени элдерде мекенчил ырлар тууралуу ар кандай түшүнүктөр бар

«Өлбөс полк» акциясы быйыл башкача өңүттө өтөт. Бишкек шаар кеңешинин маалымат жыйынында депутат Валентина Лисниченко айткандай, ал иш чарага катышуучуларды музыка коштоп турат.

- Катышуучуларга музыканын коштоосу жетишпей турат, деп баса белгиледи ал. - Биз «Өлбөс полк» акциясын колдоонун музыка менен коштоочу жаңы түрүн сунуштагыбыз келет. Абдырахманова көчөсүнө караган терезеси бар бардык үйлөр мекенчил музыкаларды коё алышат.

Бул демилгени шаар кеңешинин башка да депутаттары колдоду. Канатбек Мүзүралиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Валентина Лисниченко беш жылдан бери «Өлбөс полк» акциясын уюштуруу менен алектенип жүргөндүгүн айтты.

- Кечээ биз иш чараны уюштурганды кайрадан Лисниченкого бердик, чынын айтсам мен бул ишке киришкеним жок, - деди ал. - Эгер шаардыктар колдоп жана макул болсо, бул демилге жакшы эле болмок.

Шаар кеңешинин дагы бир депутаты Павел Десятников өз кезегинде бишкектиктер мекенчил музыканы ар кандай өңүттө түшүнүшөөрүн белгилеп кетти.

- Музыканын коштоосу иш чаранын маанилүү экендигин гана баса белгшилейт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок мекенчил ырга болгон аркимдин ою ар кандай болот. Ошондуктан уюштуруучулар шаар тургундары менен бир тематиканы келишип тандап алышы керек.

Бишкек шаар кеңешинин маалымат кызматынын маалыматы боюнча, быйыл акциянын катышуучулары Дайыр Асанов паркынан баштап, Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып өтүшөт. Басып өтчү жолдун узундугу 6,6 чакырым болот. Жүрүш былтыркыдай саат 10:00 башталат.

Коопсуздук үчүн чубашып баскан учурда транспорт кыймылын токтотуп коюшат. Жүрүштүн багыты боюнча ошол күнү миңге чукул милиция кызматкерлери сак сактап турат. Жолду ката биоажатканалар жана суусунду кандыруучу ичимдиктерди сатуу камсыздалат. Катышуучуларды медициналык тез жардамдын бригадасы коштоп жүрөт.

Жүрүштү Бишкектин үйлөмө аспаптар оркестри жана Д. Асанов атындагы Улуттук аскердик лицейдин курсанттары жетектейт. Акцияга чыгармачыл, музыкалык жана бийчилер жамааты катышат. Афганистандагы согушка катышкандар, Баткен окуясына жана Чернобль АЭС кыйроосунда кызмат өтөгөндөр, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана аскер институтунун курсанттары бул акцияга катышат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх