Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өткөнгө кайрылуу». Бастанын сетерчилери Бишкектеги спорт сарайынын акыбалы тууралуу (видео)

Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиги маданиятсыз көрүүчүлөр айыптуу дешет

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын акыбалы орусиялык сетерчи Николай Сарабьяновдун оозун ачырды.

Музыкант быйыл чын курандын алтысында болгон белгилүү реп-аткаруучу Бастанын концертинде чыкты.

Сарабьянов өзүнүн Instagram баракчасынан спорт сарайындагы отургучтардын мышык ыйлай турган акыбалын көрсөттү.

«Убакыттын машинасы 30 аркага кайрылды», - деп комментарий берет ал.


Ал ортодо Vesti.kg сайтынын окурмандары концерттик залдын сүрөттөрүн жана видеолорун салып жиберишти.

- Концерт абдан жакшы болду, зал толо болду жана андан ыраазы болуп чыгышты, - деп жазат окурман. Бирок андагы маанайды жаман акыбалдагы отургучтар бузду жана орусиялык меймандардын алдында уялдык.

Видеого көрүүчүлөр тамеки чеккени чыга турган коридор тартылган.

- Биз көрүп алып аң таң калдык, полдо шыптын урандылары жаткан, - деп түшүндүрөт видеонун автору. - Ошол күнү жаан жаап, шыптан суу агып жаткан. Коридорго коюлган чакалар деле анча жардам бербей жатты. Ар кайсы жерде чөлмөк болуп калды.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн спорт, дене тарбия жана жаштар боюнча Мамлекеттик агенттигине кайрылды.

Мекеменин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев оңдогону жатышкандыгын, бирок ал качан болоору белгисиз экендигин билдирди.

Ошону менен бирге Султанбаев спорт сарайынын мындай акыбалына маданиятсыз көрүүчүлөр күнөөлүү экендигин кошумчалады.

- Биз качантан бери эле спорт сарайын оңдоо керектигин айтып келебиз, бирок ага оңбогондой көп акча талап кылынат, - деп түшүндүрдү ал. - Бүгүнкү күндөгү негизги көйгөй - бул отургучтар менен пол. Бирок ошону менен бирге биздин көрүүчүлөрдүн да жүрүш турушу жакшы эмес экендигин түшүнүү керек. Айрым учурларда концерттен кийин 500 отургучтун сынгандыгын байкоого болот, ал эми оңдоо арзанга турбайт.

Маалымат катчынын сөзү боюнча, спорт сарыйы СССР убагында курулуп бүтпөй калган.

- Эгерде ошондо курулуп бүтүп калган болсо. азыр мындай акыбал болбойт беле, - дейт ал. - Көйгөй бир эле концерттик залда эмес. - Бассейн иштебейт, машыгуучу залдын экинчи кабаты жабылып жатат. Инвесторлорду издеп жатабыз.

Сөзүнүн акырында Султанбаев спорт сарайы акыркы эки жылда ганан өзүн өзү актап калгандыгын кошумчалады. Мурда бул долбоор чыгым болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх