Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингге чыккан кыргызстандыктарды помполуу мылтык менен атышат

Өкмөт массалык башаламандыкты басууга колдонуучу атайын каражаттарга уруксат берди

Атайын каражаттардын тизмесинде беш пункт бар:

1. Резина таягы
2. «Робокоп» тибиндеги соккудан коргонуучу чопкут
3. 12 мм помполуу мылтык
4. 12 мм резина октор
5. Калкан (тунук, металл түрүндө)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аскер кызматкерлерине атайын каражаттарды колдонуу тууралуу токтомго кол койду. Биздин укук коргоочулардын «Мырзалык шайма шайлыгы» иш жүзүндө өзгөрүүсүз бойдон калды. Аскер кызматчыларынын бир нече пластикалык элементтерден турган чопкутунун «Робокоп» деген айбаттуу аты пайда болду. Айтмакчы, ошондой аталыштагы робот-полиция тууралуу фильм кимдин гана эсинде жок дейсиңер. Машина адилеттүүлүктү сактаган, бирок мурдагы полициядан калган аң сезим аны таш боор, канкор болууга жол бербейт. Күч түзүмдөрүнүн куралдары деле өлтүрүп жибербейт, бирок анткени менен олуттуу жаракат алып келет. Тактап айтканда резина октор. Бирок бул ок кеп сөзгө келбей чабуулга өткөн учурда атылат, дейт Vesti.kg сайтынын маектеши атайын кызматтын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов.

Атайын каражаттарды колдонуудагы негизги максат массалык башаламандыкты басуу, - деп белгилейт эксперт. Таяктар менен резина октор бир гана коргонуу үчүн керектелет. Башкача айтканда, сиз өзүңүздү тыптынч алып жүрсөңүз, сизге атайылап бирөө атпайт. Эрежеде ушундай деп жазылган да эми.
Бирок ошону менен бирге Мамытканов атайын каражаттардын өзү эмес, аларды колдонуу ыкмасы маанилүү экендигин белгилейт. Жакында эле Францияда болуп өткөн кагылыш көрсөткөндөй, нааразы болгондорго жабдылган полиция да туруштук бере алган эмес.

- Мен биздин укук коргоо структураларында массалык башаламандыкка карата кандайдыр бир систематикалык даярдыктын деле жокутугун билем. Ички органдын курамы катуу өзгөрдү, ал жердеги жаш балдар андай курч кырдаалда өзүн кандай алып жүрүүнү да билишпесе керек, - деди эксперт.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх