Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатына ак калпакты Валентина Шевченкого кийгизгендери жаккан жок

Ошону менен бирге Жылдызкан Жолдошева бул нерсеге Шевченко күнөөлүү эмес экендигин баса белгиледи

Кечээ Бишкекте UFC чемпиону Валентина Шевченко күйөрмандары менен жоолукту. Иш чарада уюштуруучулар спортчу кызга чапан менен ак калпак кийгизишти. Бирок бул жорук социалдык тармактагылардын кызуу талкуусуна алынып, кызга эркектин кийимин кийгизип коюшкандыктарын айтышты.

Бул жосунсуз жорукка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Курманжан датка атындагы Кайрымдуулук фондунун президенти Жылдызкан Жолдошева өз комментарийин Vesti.kg сайтынан билдирди.

- Кызга калпак кийгизбейт, аны салт боюнча эркектер гана кийишет, - деди ал. - Биздин аялдардын өз баш кийимдери бар. Эл нааразы болуп жатат. Анткени кыргыздар баш кийимге өтө урматтоо менен мамиле кылышкан. Бул жерде спортчу кыздын күнөөсү жок, ал белек кылгыла деп суранган жок. Өз элинин салтын жана баалуулугун билбей ак калпак менен чапан кийгизген кишиде күнөө.


Анткени менен кыргызстандыктар өз кумири менен көз жоосун алган учурларды эстеликке калтырышты.

Катышып жаткандардын бири суроо ордуна аны чемпиондук куру менен кошо сүрөткө түшүп коюусун суранды. Бирок чемпион кыз бир гана аны менен сүрөткө түшүүгө макул болду. Кетип баратып жаш жигит көз жашын жашыра албады.

 

Андан соң Шевченконун калган күйөрмандары да аны менен сүрөткө түшөбүз деп чыгышты.

Зулайка Эркимбаева
Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх