Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» башталышынан бери эреже бузуулар тууралуу 27 токтом жокко чыгарылды

«Талаш учурларда арыздар айдоочулардын пайдасына чечилет»

Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖККМБ мониторинг Борборунун комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен жол эрежеси бузулгандыгы тууралуу 27 токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

«Мыйзам боюнча, жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомду алыпкелишкенден кийин айдоочу КР ИИМ ЖКККМБ мониторинг Борборунда арызданганга акысы бар, - деп түшүндүрдү ал. - Арызды кароо учурунда далилдөөчү база колдонулат - сүрөт жана видеотасмалар. Борбордун иши талаш тартыш болгондо айдоочунун пайдасына чечүү үчүн түзүлгөн».

Арыздануучу борбор Бишкекте ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу Башкы башкармалыктын биринчи кабатында жайгашкан. Арызды атайын юристтери бар комиссия карайт.

«Жол эрежесин бузууну автоматикалык түрдө каттоочу системасы бар бардык мамлекеттерде машиналык эсептөөдөн сырткары адамдардын да текшерүүсү бар, дейт Шатемиров. - Операторлор чындап эле эреже бузуу болгондугун текшеришет. Мисалы жөнгө салуучу милиционер иштеп жаткан учурда камера баары бир каттоого ала берет. Кээде алдын ала эске алынбай калган жол кырдаалдары болуп калат. Бирок ошонун баарынын токтомун оператор кийин жокко чыгарат».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх