Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот департаментиндегилер жасалма дипломдуу кызматкерлерди жумушка кантип алышкандарын айтып беришти

Жарандар жумушка орношоордо алып келген документтердин аныктыгын конкурстук комиссиянын текшербей тургандыгы белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин комиссиясы талапкерлердин документтеринин аныктыгын жумушка алып жатканда текшербейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин статс-катчысы Сталбек Калмаков билдирди.

- Жумушка орношум жатканда жарандар конкурстук комиссияга алып келген документтердин аныктыгы текшерилбейт, - деп түшүндүрдү ал. - Ал эми кийин дипломдун жасалма экендиги билине турган болсо, анда жарандын өзүнө карата чара көрүлөт.

Эске салсак, мурда Башпрокуратура Сот департаментинде 2016-жылдан 2018-жылга чейин сот отурумунун катчысы жана соттун жардамчысы болуп иштеген Ч,А. бакалаврдын жасалма диплому менен иштегендигин билдирген.

Андан сырткары, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча, 2016-жылдан бери бөлүм башчы болуп иштеген аял академиялык магистр баскычынын дипломун алып келген.

Калмаков өз кезегинде эмне үчүн ал кызматкер иштен четтетилбегендигин түшүндүрдү.

- Белгилүү болгондой, азыр Башпрокуратура сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, бүткөндө юридикалык баа берилет, - деп белгиледи ал. - Ал эми иштен кетирбей иштетип жаткан кызматкер тууралуу айта турган болсок, ал мурда бакалаврдын дипломун алып келгендиги үчүн иштей берүүгө болот.

Сөзүнүн аягында статс-катчы Сот департаменти жогоруда айтылган фактыларга карата кызматтык иликтөө жүргүзөөрүн кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх