Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмоктун шаардык ооруканасында эмнеге дарыгер жаш баланы кароодон баш тарткандыгын түшүндүрүштү (видео)

Медициналык мекеменин директорунун орун басарынын айтымында, бүгүн алардын кызматкерине чара көрүлөбү же жокпу белгилүү болот

Кечээ Токмоктун аймактык ооруканасында оорулуу менен дарыгердин ортосунда келишпестик болду. Дарыгер баланы инфекциялык ооруканага жөнөттү. Бирок баланын ата энелери алардын баласынын жогорку температурасы жок экендигин айтышкан. Андан соң дарыгер көз көрүнө эле оорулууну кабыл алуудан баш тартты. Видеодон дарыгердин бөлмөсүндө отурган дагы бир оорулуу көрүнөт. Бул видео кечээ Instagram социалдык тармагында таркаган.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн оорукананын жетекчилигине кайрылган.

- Мындай окуя чынында эле болуптур, - деп ырастайт Токмоктун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Улан Дыйканалиев.

- Жаңжал баланын атасынын бизди биринчи карайсың дегенинен чыккан. Балага кошуна райондун ооруканасында хирургдар жардам көрсөтүшкөн. Аларга үйүнө же балдар эмканасына барууну сунушташкан. Бирок баланын ата энелери эмнегедир бизге келишип, тез кароону талап кылышты. Ошол учурда биздин дарыгерибиз кезек боюнча башка оорулууну карап жаткан. Анан ал жарандар кетип калышты. Баланын ичи көөп кеткен экен. Мен баланын атасы менен байланышканда, ал түштөн кийин келүүгө убада берди. Ал келе турган болсо, биз беттештиребиз.

Ошону менен бирге Дыйканалиев оорулуулар кээде дарыгерлерди тойгузуп жиберээрин белгиледи.

- Ошондой эле баланын кайда жана кандай абалда экендигинен да көз каранды болот, - деп улантат директордун орун басары. - Ушундан кийин адиске карата чара колдонуу, же колдонбоо тууралуу ойлонуп көрөбүз. Айрым учурларда дарыгерди жанынан тойгузуп жиберишет. Дарыгер үчүн бардык оорулуулар бирдей, кезеги менен кириши керек. Ал бөлмөсүнө башка оорулуу кирип келсе, көрүп жаткан оорулуусун таштап коё албайт. Андан сырткары катуу оорулууларга да башкача көңүл бурулат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх